Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-октябры № 9
«Шаардык мэриянын 20.08.2015-жылдагы «Таш-Көмүр шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» №03-8/993 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 20.08.2015-жылдагы «Таш-Көмүр шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» №03-8/993 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 31 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 20.08.2015-жылдагы «Таш-Көмүр шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» №03-8/993 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2. «Таш-Көмүр шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобосунун» 3-бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- “Ардагерлердин эс алуусун уюштурууга финансылык колдоо көрсөтүү”;
- “Саламаттыкты сактоо мекеме-ишканасынын тактамасынын негизинде ооруп жаткан адамдардын операциясына жылына бир жолу финансылык жардам көрсөтүү”;
- “Жазылган кичи долбоорлордун өздүк салымына финансылык колдоо көрсөтүү”.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жуктолсун.
Төрага | Кулдышев М.С. |