Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-октябры № 11
«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары жөнүндө»
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Эрназаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 31 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Эрназаровдун маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаты «Ата Мекен» саясий партиясынан Ирсалиева Алима Коконовнанын жана «Өнүгүү» саясий партиясынан Азимкулов Уланбек Мамырбековичтин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнө ылайык депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынан «Ата Мекен» саясий партиясынан жана «Өнүгүү» саясий партиясынан тизме боюнча кийинки талапкерлерди аныктап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин
Төрага | Кулдышев М.С. |