Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-майы № 13/1
Кара – Кочкор айыл өкмөтү тарабынан даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү, ден –соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана жарандарга пособиялардын төлөнүшү боюнча айыл өкмөттүн соцкызматкери ( Ы. Темирбаевдин ) жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кара – Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара – Кочкор айыл окмоту тарабынан даректуу материалдык жана социалдык колдоо корсотуу, ден –соолугу боюнча мумкунчулугу чекьелген адамдардын койгойлоруно конул буруу жана жарандарга пособиялардын толонушу боюнча айыл окмоттун соцкызматкери ( Ы. Темирбаевдин ) жургузуп жаткан иштеринин абалы
канааттандырарлык деп белгиленсин .
2. Кара – Кочкор айыл окмотунун соцкызматкери Ы. Темирбаев Жогорку органдардан келген нормативдик укуктук актылар менен иштоону мыйзам чегинде алып барууну уюштурсун .
3. Айыл окмотундо жургузулуучу социалдык паспортторду толтуруу иштерин колго алып , тузулгон социалдык комиссия менен пособия алуучулардын жана мумкунчулугу чектелген адамдардын койгойлорун чечуу максатында уйлорун кыдыруу жолу менен толтурууну уюштурсун .
4. Айыл окмоттун аймагындагы ден-соолугунун мумкунчулугу чектелген адамдарга жана улгайган адамдардын уйлоруно барып кабар алуу менен алардын арыз даттанууларын жана муктаждыктарын аныктоо иштерин колго алуу менен жалгыз бой , кары адамдарды колунда бар адамдарга шефтике беруу иштерин уюштуруу жагы соцкызматкер Ы. Темирбаевге тапшырылсын .
5. Ата – энесинин камкордугунан ажыраган балдарды камкордукка алуу жана козомолдукко бекитип беруу , асыроого беруу, алардын мулкун , укуктарын коргоо боюнча мыйзам чегиндеги чараларды коруу жагы соцкызматкер Ы. Темирбаевге , айыл башчылар Т. Сопубековго , О. Жолдошовго , С. Ташматовдорго тапшырылсын .
6. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кара- Кочкор айылдык округунун кенешинин мыйзамдуулук , укук тартиби , мандат ,Кенештердин иштери , депутаттык этика , коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (торага Г. Абдиева ) жана айыл окмотунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын .
Төрага | К. Асанов |