Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-октябры № 20/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосуна «коммуналдык инфраструктураны каржылоо УГР - КР\У, 3-этап (ПСИ-3)» долбоорунун конкурсуна катышу боюнча түзүлгөн комиссиясынын отурумунун 19-октябрь 2015-жылдагы № 1 протоколун кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын 19-октябрь 2015-жылдагы № 1 протоколундагы 7 айылдан келген 14 көйгөйдүн иретин (ранжирлөөнүн) ар бирине токтолуп, колго салынды. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын 19-октябрь 2015- жылдагы № 1 протоколу 7 айылдан келген 14 кейгейлердун ичинен Аскалы айылына «Спорт зал куруу» маселеси айылдык Кеңешке колго салынып, 13 депутаттын колдоосуна ээ болду
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХХ кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы демилгелүү топтор Алай айыл өкмөтүнүн Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун «комуналдык инфраструктураны каржылоо УГР - КР, 3-этап (ПСИ-3)» долбоорунун конкурсуна катышуу үчүн түзүлгөн конкурстук комиссиясынын 19-октябрь 2015-жылдагы өткөрүлгөн жыйынынын №1 протоколундагы Аскалы айылына «Спорт зал куруу» маселеси сунушталсын;
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун «комуналдык инфраструктураны каржылоо УГР - КР, 3-этап (ПСИ-3)» долбоорунун конкурсуна катышуу учун түзүлгөн конкурстук комиссиясынын 19-октябрь 2015-жылдагы өткөрүлгөн жыйынынын №1 протоколунда аныкталган 14 көйгөйдүн ирети (ранжирлеесу) төмөндөгүдөй бекитилсин.
3. Бекитилген көйгөйлөрдү айыл өкмөтүнүн стратегиялык енүгүү планына киргизүү жана ал көйгөйлөрдү чечүү үчүн ар түрдүү мамлекеттик эмес уюмдарга долбоор жазып, кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кайыровго милдеттендирилсин .
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин экономика бюджет, финасы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төрага | Ч.Канкиев |