Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-октябры № 20/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылында №11 К.Султанов атындагы орто мектебинин айлана - тегерегин тосмо менен тосуу боюнча жана №11 К.Султанов атындагы орто мектебинин ажатканасы авариялык абалда болгондугуна байланыштуу мектептин директору Б.Жусуева билдируусу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кецешинин кезексиз отуруму Терек айылында жайгашкан №11 К.Султанов атындагы орто мектебинин директору Б.Жусуеванын билдируусун карап чыгып, Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жумушчу чиймесине негизденип, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 78-статьясынын 1-пунктуна ылайык
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХХ кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылындагы №11 К.Султанов атындагы орто мектебинин ажатканасы авариялык абалын эске алынып, ажаткана салуу учун 40 м2 жана тиешелүү жер аянты чектелиип берилсин.
2.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылындагы №11 К.Султанов атындагы орто мектебинин айлана - терегегин темир тосмо менен муктаждыгына башкача айтканда 570 га узундукта мектептин айлана - тегерегин тосуу үчүн жер бөлүнүп берилсин.
3.Тиешелүү юридикалык документин Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан ошондой эле райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктуу каттоо башкармалыгына сунуш кылынсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кайыровго милдеттендирилсин.
Төрага | Ч.Канкиева |