Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 70
Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнын эсебиндеги жерлердин аренда акысын аныктоо жана таштанды чыгаруу салыгын, отун төлөмүн бекитүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Каракозуевдин билдирүүсүн угуп жана Зергер айылдык кеңешинин Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Зергер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнын эсебиндеги жерлердин 1,0 га аренда акысы төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин. Бекитилген сумманын ичинде жер салыгы, соц. фонд төлөмдөрү ичинде:
Шалы 10000 сом
Суугат айдоо 2177 сом
Кайрак айдоо 1000 сом
Чөп ормо 800 сом
Балчелектердин 0.01 га аянтына чегерилген ижара акы - 50 сом.
Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салык боюнча тарифи:
Таштандыны чыгаруудан алынуучу салык 25 сом
Айыл чарба багытындагы эмес жер үчүн зооналдык коэфиценти 1,0
КР салык кодексинин №343-344-беренелеринин негизинде көп балалуу үй-бүлөлөр, пенсионерлер, 1-2-группадагы майыптар, көзү азиздер, кургак учук менен ооругандар, батыр энелер, ВОВтун катышуучулары жана чернобылдын кызматкерлери физикалык жер салыгынан жана таштанды чыгаруу салыгынан мыйзамдын негизинде бошотулсун.
Зергер айыл өкмөтүнүн карамагындагы токойлордон тазалоо маалында отундун, шакчанын жана жаңгактын түбүнө төлөнүүчү тарифи. Деловой отундун 1 кубасы 1000 сом, шакчанын 1 кубасы 500 сом, 1 түп жаңгактын мөмөсү үчүн 10 кг, жатакчылардан алынуучу отун акча 400 сом.
Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | Т. Ибраимов |