Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 71
Депутаттык мандатын м өкмөтүнөн мурда токтотуу боюнча Козубаев Жумагазынын арызын кароо жөнүндө
Зергер айылдык Кеңештин депутаты Козубаев Жумагазынын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотууга берген арызын карап чыгып Зергер айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айылдык Кеңешинин депутаты Козубаев Жумагазы Жолборсовичтин Зергер айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору болуп, мунципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу өз арызынын негизинде депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
2. Зергер айылдык Кеңешине шайлоодо Ничке-Сай шайлоо Округунан кийинки добуш алган талапкердин арызын кароо жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А. Адилбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ибраимов |