Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 81
Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке- сай айылындагы 0,61 га табыгый көлдү жана Зергер айлынын Курбу участкасындагы 0,36 га табыгый көлүн айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчиги деп табуу жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке- сай айылындагы 0,61 га табыгый көлдү жана Зергер айылынын Курбу участкасындагы 0,36 га табыгый көлдөрү убагында системдик каттоодон өтпөй калгандыгы жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча адиси М.Каракозуевдин билдирүүсүн угуп талкуулап, Зергер айылдык Кенешинин кезектеги 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке- сай айлындагы Көл участкасындагы 0,61 га табыгый көл жана Зергер айылынын Курбу участкасындагы 0,36 га табыгый көл Зергер айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчиги деп табылсын.
2 .Суралсын Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан жолгорудагы көрсөтүлгөн көлдөрдү Зергер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Зергер айылдык Кенешинин “Айыл чарба, суу,өнөр-жай,курулуш ,транспорт, энергетика” маселелери боюнча туруктуу комисыясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Ибраимов |