Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 1
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Дүйшеевдин 2014- жылдык отчетун угуп жана талкуулоо жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кенешинин (V- шайланган) кезектеги ХVI - сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөт башчысынын 2014- жылдык отчетун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ийри- Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014- жылдык отчету канаатандырарлык деп табылсын.
Төрага: | С. Курманбеков |
Ийри-Суу айылы
Саламатсыздарбы бүгүнкү жыйындын катышуучулары жана Урматтуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын экинчи орун басары И.Б . Мурзаибраимова
Өзгөн районуна караштуу бардык мекеме уюмдардын жетекчилери
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеев, аппарат кызматкерлери , айылдык кенештин депутаттары, айыл тургундары, жалпы болуп 103 адам катышты.
Бүгүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн график боюнча элдик жыйын өткөрүлүп жатат.
Элдик жыйындын
Бир эле маселе каралат.
Ийри-Суу айыл өкмөтүндө 2014- жыл ичинде социалдык – экономикалык өнүгүү стратегиялык планынын аткарылышы жана 2015- жылда аткарыла турган иш- чаралар жөнүндө айыл өкмөт башчысынын маалыматы .
Жалпы элдик жыйынды айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеев ачты.
Саламатсыздарбы урматтуу жыйындын катышуучулары !
Урматтуу меймандар!
Анда эмесе бүгүнкү Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2014- жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу маалыматтык жыйынды ачык деп жарыялаймын.
Азыр элдик жыйындын күн тартибин бекитип алышыбыз керек.
Жыйындын күн тартибинде бир эле маселе каралат Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014- жылы аткарган иштери боюнча жылдык маалымат.
Күн тартибинде коюлган маселелер боюнча алымча - кошумчаларыныздар барбы ? Бар.
Сунуш Курманбеков Кадырбек.
Күн тартибинин жүрүшүн өзгөртөшөбөз керек, биз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеевтин аткарып жаткан иштерин билебиз. Бүгүнкү элдик жыйында Өзгөн районунан келген мекеме уюмдардын жетекчилери элге отчетун беришсин.
Жарыш сөзгө чыккан
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын экинчи орун басары И.Б . Мурзаибраимова
Урматтуу жыйындын катышуучулары !
Курманбеков Кадырбектин сунушуна мен каршмын.
Бүгүнкү элдик жыйында Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеевдин 2014- жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угабыз. Өзгөн районунан келген мекеме уюмдардын жетекчилеринин бардыгы элдик жыйынга катышып жатышат , айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун уккандан кийин суроонуздар болсо бериниздер ар бир жетекчи өзүнө тиешелүү болгон суроолоруна жооп берет.
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеев.
Анда сунуш кылган жыйындын күн тартиби бекитилсин.
Урматтуу жыйындын катышуучулары !
Эми жыйындын регламентин бекитип алсак.
Маселе боюнча баяндамачыга 20 минутага чейин
Суроо жоопко 3-5 минутага чейин Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр үчүн 5 минутага чейин жыйынды дем алышсыз 2 саатта бүтүрсөк.
Элдик жыйындын регламенти боюнча сиздерде башка кошумча сунуштар барбы ? –Жок.
Анда жыйындын иштөө регламенти бекитилди.
Анда эмесе күн тартибиндеги маселе боюнча 2014- жыл ичинде аткарган иштер боюнча жылдык маалыматымды берейин.
« 2014- жыл Кыргыз Республикасында мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы»
2014- жыл Ош облусунда « Айыл аймактарынын инфраструктурасын өнүктрүү жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу жана жогорудагы Жарлыкты, аткаруу маскатында Ийри-Суу айыл аймагында бир топ иштер аткарылыды
2014- жылы бюджеттин киреше бөлүгү 3 282,0 бекитилген, ал эми чыгаша бөлүгү 3 666,0 минге алымча кошумчасы менен бекитилген . Ал эми аткарылганы 3 631, 400 сомду түзүп 133 % аткарылды. Негизинен жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешебиз транспорт салыгынан, жер салыгыгаг жана аренда акысынан түшөт.
2014- жылдын 1- январына карата аймакта жашаган жарандардын саны 10578.улуттук курамы боюнча негизинен кыргыздар , андан кийин орус, таджиктар ж.б улуттун өкүлдөрү. Алардын ичинен бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 2, Ооган согушунда кызмат өтөгөндөр 6 , Чернобыль кырсыгынын катышуучулары, 1 Баткен коогаланында 1 тоголок жетимдер 9 , жарым жетимдер 71 майыптар 93 кургак учук менен ооругандар 55, жөлөк пул алгандар 532 пенсионерлер 629 ,саламаттыкты сактоо кызматында 27, байланыш бөлүмүнүн кызматкерлери 4, мугалимдер 143, окуучулар 2014, батыр энелер 161. Айыл аймагында 4 орто мектеп, 3 башталгыч,4 ФАП, 1 оорукана , 1 китепкана, 1 байланыш бөлүмү жайгашкан. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аппаратында 24 кызматкер эмгектенет.Анын ичинен 1 саясий, 2 башкы административдик, 4 улук калганы кенже административдик орундар. Ал эми айылдык кенеште 21 депутат, анын ичинде 4 туруктуу комиссия өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшүүдө.
Айыл аймагындагы социалдык коргоого муктаж жарандарга жана уюштуруу иштерин жергиликтүү бюджеттен жумшалган акча каражаты боюнча маалымат
1. Улуу Ата мекенди согуштун ардагерлерине- 10 000
2. Ооган согуштун ардагерлерине-10 000
3. Чернобыль кырсыгына катышкандарга – 1000
4. Баткен коогаланына катышканга- 1000
5. Тоголок жетимдерге
Жарым жетимдерге
7.Майыптарга - 6500
8. Кургак учук менен оругандарга- 25 000
9. Жакыр үй-бүлөөгө- 7000
10.Энелер күнүнө -
11.Карыялар күнүнө – 10 000
12.Балдары коргоо күнүнө – 10 000
13.Мугалимдер күнүнө – 7 000
14.Медиктер күнүнө – 5 000
15.Милиция күнүнө – 5000
16.Маданият күнүнө – 10 000
17.23-февралга- 5 000
8-мартка - 25 000
19. 21-март Нооруз майрамына- 38177
20. 1-майга – 10 000
9-майга – 10 000
31-августь эгемендүүлүк күнүнө – 20 000
Күз майрамына – 10 000
Көрнөк жарн6актарга- 71 500
Сибирь кулгунасына жана ит
мышыктарды атуга - 46 800
Спорт мектеп- 21 000 +3000 =24000
Көчөт отургузуу- 41 600
Финансы күнүнө- 5000
Архитектурага - 600
Электриктин эмгек акысы -5800
Конц товарга-41 120
Бензинге-121209
Комондировочный- 176050
Прочий-250331
Өзгөн нуру- 7649
Архив -17335
Канторанын печкасын ондоого -35 000
Көк бөрү - 2000
Күрүч майрамына-8150
ЭТР телевиденияга-5000
Премияга-25000
Орозодо ооз ачырууга-1500
Электр дивижок алууга- 15 000
Аренданын соц фондусу – 20 000
Тон районуна -3000
Биометрикалык маалымат топтоод уюштуруу ишине-5000
Жаны жыл майрамына- 20500
Көмүргө -227 000
Бото-Мойнок жолуна – 30000
Электр энергияга-103000
Текнадзордун эмгек акысы- 40 000
Өзгөн районунун кино дирексиясы – 14 000
Конц товар, жолго, мектептерге- 150 000
Ремонт автомашина – 49,0
Тармактар боюнча:
Салык саясаты . 2014-жыл ичинде салык жана салык эмес жыйымдарды топтоодо айыл өкмөткө берилген тапшырмалар толугу менен аткарууга алында. 2014- жыл үчүн планга 3 182,7 мин сом акча каражатын топтоо белгиленсе, планда аткарылганы 3 631,4 сомду түзүп 113,3 % аткарылды. Анын ичинен транспорт, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы,подоход салыгы, мамлекеттик пошлина ашыкчасы менен аткарылды. Белгилей кетүүчү жагдай 2010- 2014-жылдардагы бекитилген пландардын аткарылышы салыштырмалуу өсүү темпи төмөндөгүдөй проценттеги көрсөткүчтөрдү түздү.
Жылдар | Бекитилгени | Аткарылганы | Айырма | % |
2010 | 902,9 | 1112,1 | 209,2 | 123,1 % |
2011 | 958,9 | 1003,8 | 44,9 | 104,6 % |
2012 | 1107,4 | 1398,4 | 291,0 | 126, 2 % |
2013 | 2951,4 | 3065,7 | 1667,3 | 219 % |
2014 | 3282,7 | 3631,4 | 565,7 | 118 % |
2010-2014- жыл ичинде өсүү боюнча айырма 2519 ,3 сомду түзүп же болбосо 3 эседен ашык өсүү болду.
Айыл аймагынын калкы негизинен дыйканчылык менен алектенет. Айыл аймагында бардык жер аянты 12194 га. Анын ичинен жайыт 5590 га, айдоо 2903 га, чөп ормо 3090 га , сугат айдоо 38 га. Жазгы айдап себүү, күзгү ооруп жыйноо жумуштарында менчигине карабай айыл чарба техникалары жакындан жардам берүшүүдө.2014- жыл ичинде айыл чарба тармагында бир топ жумуштар аткарылды. Кайракы айдоо аянттарында буудай , арпа, беде эгилип, мол түшүм алууга жетишти. Мал чарбасын өнүктрүүдө айыл аймагында бир топ алгылыктуу жумуштар жасалууда. Мал санактын жыйынтыгы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу пайыздык катышта 103% болду.Кара малдын саны 3376, майда жандыктар 11291, жылкы 2453, үй- канаттуулар- 7652 түздү. Айыл аймагында мал жандыктар арасында эпизотиялык абалды туруктуу сактоодо Сибирь жарасынын чордону темир тосмо менен тосулуп ичи бетондолуп хлор эритмелери менен айланасы даарыланды . Шарп, сибирка, оспа, кутурмага, бруцулезгө карышы эмдөөлөр жүргүзүлдү.
1.Корс-Этти айылында жалпы эл менен эки жолу чогулуш өткөрүлдү, элдин суроо талабынын негизинде«Маркумду акыркы сапарга узатууда» той аштардагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу башкача айтканда Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн имамы менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айыл аймагындагы мектептерге көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча айыл өкмөт тарабынан көчөттөр берилип отургузулду.
2. Кыргызстан айылында жалпы эл менен үч жолу чогулуш өткөрдүк. Ар кандай көйгөйлүү маселелер талкууланды. Кыргызстан айылынын эн көйгөйлүү маселелеринин бири сугат суусу үч жылдан бери чыкпай жаткандыгы өзгөчө кырдаадар министирлиги тарабынан ондолуп сугат мезгилинде жол чөгүп кеткендигине байланыштуу эл суу менен камсыз болбой калгандыгын эске алып 2014- жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 000 ( эки жүз мин ) сом , Сопу маала алышына 50 000 ( элүү мин ) сом акча каражаты бөлүнүп ондоо түзөө иштери жүргүзүлүп азыркы учурда эл тилеке каршы бүгүнкү күндө пайдалана албай жатат. Таза суунун ремонт иштерине жана хлор алуу үчүн 33500 сом акча бөлүнгөн , азыркы учурда 25 500 ( жыйырма беш мин беш жүз ) сомдук акча каражаты иштетилип Кыргзстан айылынын тургундары таза суу менен камсыздалган. Түнкү жарыктарды орнотууда 37000 мин сомдук иш кошумча жасалды. Жүрөк маала жолуна шагыл төшөөгө айыл өкмөтүнөн 100 000 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилген тилеке каршы бүтпөй калды.Дөбө маала көпүрөсүн ондоодо айыл өкмөтүнөн 24 000 мин сом акча бөлүнүп АРИС агенствосу менен 6 мл 700 мин сом акча каражаты каралып көпүрөсү бүткөрүлдү эл пайдаланып жатат.үсөн уулу Жаныш орто мектебинин окуу корпусу кооптуу болгондугуна байланыштуу 2014-2015 жылдардагы окуу процессин үзгүлтүкө учуратпастан жеке менчик үйлөр менен келишим түзүп 17 000 мин сом ижара акысын төлөп жатабыз. Кошумча спорт зал ( мечит)социалдык обьектинин имаратын дагы 18500 сомдук акча каражатын жумшап ондоо түзөө иштерин бүткөрүп, азыркы учурда окуучулар окуп билим алып жатышат.
3- Жангакты айылында жалпы эл менен эки жолу чогулуш өттүк. Жангакты айылын жолун ондоо үчүн долбооруна ( проектисине) 10 000 мин сом ал эми көпүрөсүн ондоого 10 000 мин сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди. К. Тилленбаев орто мектебинин чатырынын эскилиги жеткендиктен 303980 сом акча каралып, мектептин имаратынын чатыры толугу менен алмаштырылып 2014-2015-жылдагы жаны окуу жылына бүткөрүлгөн. ФАП тын толук бүткөрүлүшүнө да 20 000 мин сом акча каражаты жумшалды. Токто айылынын арыгына 30000 мин сом акча каражаты каралып ондолуп азыркы учурда эл пайдаланып жатат.Кышка даярдык боюнча жылытуу системалары көзөмөлдөн өткөрүлүп, отун менен камсыздалган.
4.Жийде айылында жалпысынан төрт жолу элдик жыйын өткөрүлдү . Ушул жылы бул айылдын дагы көйгөйлүү маселелерин чечкенге аракет жасадык . Ар бир айылдагы көчөлөрүбүздө айрыкча жол маселеси кыштын ызгардуу суугунда көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат, Бул көйгөйлөрдү жоюу максатында жергиликтүү боюджеттин эсебинен акча каражаты каралып жолдорго шагылдар төшөлдү. Электр чубалгаларын жанылоо максатында 80 000 мин сом акча каралып жумуш аткарылбай калды, Кызыл- Белес жолуна 200 000 мин сом акча каражаты жумшалып шагыл төшөлүп , ондоо түзөө иштери бүткөрүлдү. Мырзакматов көчөсүндөгү көпүрөгө 30 000 мин сом акча каралып көпүрө толугу менен ондолуп бүткөрүлдү.Элди электр жарыгы менен толук камсыз кылууда Байчороев көчөсүнө электр чубалгаларын тартууга 170 000 мин сом акча каражаты бөлүнүп кубатуулугу 100 кв болгон трансформатор коюлган.,Биймурзаев көчөсүнүн жолуна 5000 мин сомакча каралып аткарылуучу иштер толугу менен бүткөрүлгөн. Көйгөйлүү маселелерди чечүүдө билим берүү мекемелерине да көнүл бурулбай калган жок. Айыл өкмөтүнүн эсебинен 120,0 мин сомдук акча каражаты керектелип К. Ботояров орто мектебинин полдору ондолуп жана айланасын зым тор менен тосулду. Буга ата –энелер да карап турушкан жок.
5- Орказган айылында жалпы эл менен бир жолу жолугуп элдик жыйын өткөрүлдү. Ор-Казган айылы айыл аймагынан 18 км алыстыкта жайгашкандыктан алты ай кыш болгондугун эске алып жеке менчик трактор ( бульдозур) менен келишим түзүп өз убагында жолдор тазаланып жатат, жергиликтүү бюджеттен 65 500 сом акча каражаты каралган . Айылга мечит курулуп толугу менен бүткөрүлүп азыркы күндө эл пайдаланып жатат. Ор-Казган айылынын тургуну Алыбаев Жаркынбай агабыздын демилгеси менен Арабдардын эсебинен курулду.Иш кагаздар айыл өкмөтү тарабынан бүткөрүлүп берилди.
6- Ак-Терек, Бешинчи айылдаррында да эл менен жоолугушуп , элдик жыйындарды өттүк. Инфраструктурасын көтөрүү максатында көйгөйлүү маселелерди чечүүдө бул айылдар четте калган жок. Ак- Терек ,Тактагай, Корс- Этти , Жангакты, Жийде айылдарынын жолун сүрдүрүүгө жергиликтүү бюджеттен 20000 мин сом акча каражаты бөлүнүп жол сүрдүрүлдү.Ак- Терек айылынын 2,5 км жолуна шагы төшөөдө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 177 мин сом акча каралып ( үлүштүк) түрткү бериллүүчү гранттын 1 681 200 сом акча каражаты бөлүнүп жолго шагыл төшөлдү .Тактагай айылынын арыгын ондоого 60 000 мин сом каралды.
Ийри-Суу айыл өкмөтүндө эмне иштер болуп жатат жана мындан кийин дагы кандай иштер жасаларын элдерге айтык. Дагы айтып кетүүчү нерсе мектептерди отун комүр менен өз убагында камсыз кылдык жана оорулуу майыптарга, карылара, балдар күнүнө, ар кандай майрамдарга согуштун ветерандарына, кургак учук менен ооругандарга өз убагында акчалар бөлүнүп берилип турду.
Ырым жырымдарды кыскартуу
Ири- Суу айыл өкмөтүнүн активтери , айылдын имамдары, айыл аксакалдары, жаштары менен биргелике элдин биримдигин, тынчтыгын сактоо үчүн алгылуктуу иштер аткарылды десем жанылышпаймын. Айыл аймагындагы айылдарда эл менен жоолугушуп жыйындарды өткөргөнүбүздө жамандык жакшылыкта ашыкча чыгымдарды азайтууда чүпүрөк – чапырактарды , севетти жок кылуу боюнча жалпы элдик жыйында талкуулап элдик жыйындын чечимдерин кабыл алдык.
Дин саясаты.Аймактагы тургундар негизинен ислам динин тутунушат. Жалпы айыл аймагы боюнча 2 мечит4 намазкана бар.Бүгүнкү күндө аймакта ыйманга чакыруу, ислам принциптери боюнча калкты тарбия- насаат иштерин жүргүзүү мечиттин имамдары аркылуу колго алынууда. Ар кандай провакациялык сөздөрдү өз убагында токтотуу, диний экстремисстик уюмдардын чакырыгын болтурбоо жана калкка диний жактан тура маалымат берүүдө тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө.Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана тиешелүү административдик ведомостволор тарабынан чыгарылган токтом, буйруктарды, КРнын Коргоо Кенешинин чечимдерин калкка жеткирүүдө, аны аткарууда аракеттерди жасоодобуз.
2015- жыл Кыргыз Республикасында « Улуттук экономиканы чындоо жылы » деп жарыяланды. Ал эми 2015- жыл Ош облусунда экспортко багытталган өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы деп жарыяланды.
Биздин айыл аймагыбыздын килиматтык шарты мал чарбачылыгын өнүктрүүгө ынгайлуу болгондугуна байланыштуу 2015- жыл ичинде айыл чарба тармагында мал чарбасын өнүктүрүү боюнча аймакта жасалма уруктандыруу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп. Иш алып баруу үчүн пункт ачуу жагы да пландаштырылып жатат.
«Жер казына акыл байлык» демекчи жазгы талаа ишетрин өз мөөнөтүндө аткаруу жагы жетекчилике алынып, мамлекет тарабынан женилдетилген баада күйүүчү , майлоочу майлар берилип жатат.
2014- жылдан баштап 2015- жылдын апрель айына чейин айыл аймагындагы жарандарга женилдетилген пайызда райондук Айыл Банк кердитик бөлүмүнөн ар бирне 50, 0 мин сомдон жогорку өлчөмдө акча каражаттарын алып жатышат. Бул акча каражатын мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана эгин эгүүгө пайдалануу максатында алышууда.
Ийри-Суу айыл өкмөтүндө 2015- жыл ичинде аткарыла турган милдеттер.
1.Корс- Этти айылына ФАП куруу
2.Тактагай айылынын жолуна шагыл төшөө
3. Жийде айылына СПОРТ зал куруу
4.Октябрь – Туусу мектебинин полун жана чатырын жанылоо
5.Кыргызстан айылынын түкнү жарыгын толугу менен бүткөрүү
6.Туташов көчөсүнө трансформатор коюу жана электр чубалгаларын жанылоо
7. Үсөн уулу Жаныш орто мектебинин курулушун баштоо
8.Бото – Мойнок жолун 1 км асфальт жасоо.
9.Корс-Этти айылынын столбаларын жана электр чубалгаларын жанылоо .
10.Жийде айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу
11.Кара- Колот айылынын жолун ондоо
12.Оорукананын чатырын жанылоо
13.Ор- Казган жолун ондоо
14. Жангакты айылынын жолун ондоо
15.Мамыров көчөсүнүн жолун ондоо
16.Айтбаев Рашид көчөсүнүн жолун ондоо
Бул менин 2014- жыл ичинде аткарган иштерим боюнча маалыматым, суроонуздар болсо бериниздер.
Калктын суроо – талаптары жөнүндө
Жарыш сөзгө чыккандар
Сөз:- Жийде айылынын тургуну Аттокуров Абдикерим
Саламатсыздарбы Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Урматтуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин экинчи орун басары Ибадат Бекмаматовна ушул айыл өкмөтүнүн элинен кабар алып , ошону менен бирге айыл тургундарынын кандай көйгөйлүү маселелери бар экен деп келип олтурганынызга сизге жалпы ушул айыл өкмөтүнүн элинин атынан рахмат айтам.
Менин суроом бар ушуну айтууга уберинүүздү суранам.
Суроо : - малдарды эмдөө боюнча бир кожолукта канча малга чейин бекер эмдөө жүргүзүлөт.
Жооп: - веет инспектор Төлөшов.
Малдарды эмдөөдө Сбирь язвасна, бир сульозго, кутурма оорусунан иттерди эмдөө гана бекер жүргүзүлөт.
Суроо: Курманбеков Кадырбек
Россия боюнча макулдашылып берилген акча каражаты боюнча маалымат берсениздер.
Урматтуу жыйындын катышуучулары !
Жооп :- Өзгөн райондук агрардык ьөнүктрүү башкармалыгынын башчысы М. Камчыбеков.
Россия менен макулдашылган акча каражаты акчалай берилбейт. Ал акчаны алып иштетүү үчүн күнөс кана куруу боюнча ж.б. долбоорду төзүп алууга болот . Эгерде долбоор төзсөнүздөр мен жакындан жардам берем.
Сиздерге сөзумдү толугу менен айта кетсем.
-Жайыт маселеси өтө татаал болуп жатат. Ийри-Суу айыл өкмөтүндө жайыт маселеси боюнча иш аткарылбай жатат. Жакынкы жайытты жайыт комитетине өткөрүп бериш керек. Эл менен тыгыз байланышта болуп жайыт маселесин чечүүдө жакындан иш алып барыш керек.
-күйүүчү май майлары боюнча мамлекет женилдетилген баада берет эле . Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жарандары да бул насялардан алган бирок өз мөөнөтүндө кайтарган эмес.
-жер семирткичтер боюнча ар бир айыл өкмөттүн жерлеринин гектарына карап бөлүнүүчү. Бирок айрым өзгөрүүлөр болгондуктан Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринен алынып келинеген минерелдык жер семирткичтер бар. Кааласаныздар алыныздар. Урук үрөөндөр боюнча райондун бардык жерлерине жарыялар берилген калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буудай , арапа, беде уруктар бар.
-техника боюнча да жардам берем. Айылдык жеке менчик техникаларга салыштырмалуу кызмат акысы арзан.
Суроо :- Дүйшеев Раимжан
үрөөн нак акча эмес насыя күзөгүнө берилсе болобу.
Жооп:- Камчыбеков Молдош
үнөөндү күзөгүнө берген учурлар дагы болгон. Бирок жыйынтыгына келгенде төлөбөй койгон жарандар да болгон. Эгерде үнөөн алсаныздар нак акчага жүгөрүнүн кг 50 сом, арпанын кг 20 сом. Буудайдын кг 22 сомдон аласыздар.
Суроо : Дүйшеев Азамат
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жолу. Кыргызстан айылындагы 18 км деги жолунун абалы кооптуу болуп турат . Ондоо иштерин качан баштайсыздар.
Жооп:- Өзгөн райондук ДЭП -5 ишканасынын инженери А Орозбаев.
Урматтуу жыйындын катышуучулары ! Кыргызстан айылындагы 18 км жол биздин көзөмөлүбүздө. Бир жуманын ичинде ондоо иштерин баштайбыз. Азыр техникаларыбызды ондоп жатабыз.
Сурөө: Гүрөнов Мамасали.
Жолго асфальт төшөө туура эмес аткарылып жатат?
Жооп:- Өзгөн райондук ДЭП -5 ишканасынын инженери А Орозбаев.
Асфальтын мөөнөтү бүткөн . 2015- жылы ямычный ондоо штерин өзүм көзөмөлгө алам.
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеев.
Өзгөн райондук ДЭП -5 ишканасынын инженерии
А Орозбаевге суроонуздар барбы?- Жок
Анда сөздү Өзгөн райондук РЭТ бөлүмүнүн башчысы М. Гүрөновго берели.
Ийри-Суу айыл өкмөтүндө электр энергия боюнча кыйынчылыктар жок десем болот. 2015- жылы айыл аймагындагы Корс-Этти айылынын электр энергиясынын чубалгалары толугу менен ондолуп, столбалар алмашылат. Райондон Ийри-Суу айыл өкмөтүнө 30 столба бөлүнгөн, бул столбаларды үйлөрүнө тактай менен тартырылган электр энергия чубалгаларын киргизген жайларга коюлат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеев.
Урматтуу жыйындын катышуучулары !
Дагы кимде суроо бар ?
Кыргызстан айылынын айыл башчысы Б.Тиллебаев.
Башка жактан биздин айыл өкмөтүбүзгө келин болуп келген келиндер пособия алууда мурдагы өзү жашаган жеринен пособия албайт деген аныктаманы талап кылып жатышат ?
Жооп :- Өзгөн райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы
Ж. Тсмаилов.
Биз мамлекеттин мыйзамынын негизинде иш алып барабыз. Пособия алуу үчүн өзгөрүүлөр болгон. Сиз айткан аныктама пособия алуу үчүн мыйзамдын негизинде талап кылынат.
Суроо- Молдониязов Назар
үлүштүк жерим пайдаланылбай эле турат, ал жеримди жайытка берип үлүшкө башка жер алсам болобу?
Жооп:- Өзгөн райондук агрардык ьөнүктрүү башкармалыгынын башчысы М. Камчыбеков.
Башка жерге алмаштырганынызга мыйзам жол бербейт. Жер бир эле жолу бөлүнүп берилген.
Сунуш – Маматкулов Тумар
Жайыт маселеин элдик жыйында карап бир чечимге келип алсак, биз үчүн мал жайыты эн орчундуу маселе болуп жатат.
Сунуш- Абжапарова
Ырым жырым, ашыкча чыгымдарды азайтууда да айыл аймагындагы айылдардын баардыгында бирдей болуш үчүн жалпы элдик жыйында чечип алып мыйзам чегинде аткарсак жакшы болот эле.
Сунуш- Курманбеков Кадырбек
Жазгы талаа иштерин өз мөөнөтүндө аткарышыбыз керек. Эгилген эгинди оруп жыйноо үчүн техникалар менен элди камсыз кылыш керек. Мал чарбачылыгы өнүктүрүүдө да жасалма куутандырууну жандандырып, айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикасын өнүктрүү үчүн инвестиция тартуу керек.
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеев
Сиздердин сунушунуздар боюнча 11- апрель күнү жалпы элдик жыйын өтөбүз.
Сөз : Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын экинчи орун басары И.Б . Мурзаибраимов.
Бүгүнкү чогулуш абдан жакшы өттү. Социалдык көйгөйлүү маселелерди чечүүдө мамлекет же айыл өкмөтү бүтүрөт деп олтура бербестен өзүбүз да аракет жасашыбыз керек. Жолду ондоо, мектептин курулуш иштери боюнча кемчилдиктерибиз бар. Кемчилдиктердин сүтүнөн иштеп жатабыз. 2015- жылы Ийри-Суу айыл өкмөтү райондо биринчилерден болуп « Нооруз » майрамын эн жакшы жетишкендикте өткөрдү. Бул да болсо айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеевдин аппарат кизматкерлери менен бирге аткарган иштеринин ийгилиги. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарына бакубат турмуш, молчулукту, тынчылыкты каалаймын.
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеев.
Кимде дагы сунуш суроонуздар бар ?
Урматтуу И.Б. Мурзаибираимова сизге рахмат жалпы элдин атынан бир канча суроо сунуштарга жооп бердиниз ишинизге ийгилик каалаймын.
Бүгүнкү элдин жыйынынын токтомун кабыл алып койсок.
Жогорудагылардын негизинде жалпы элдик жыйын
ЧЕЧИМ КЫЛАТ :
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы. А. Дүйшеев 2014- жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикасын көтөрүүдө аткарылган иштери алымча кошумчасы менен канааттандыраарлык деп табылсын.
Айыл тургундары тарабынан айтылган сын- пикирлерин аткаруу максатында иш- чараларды түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Элдин суроо талаптарын кароодо жайыт маселесин чечүү жана ырым жырымдарды кыскартуу бюоюнча элдик жыйын үткөрүлсүн.
2015- жылга карата айыл өкмөтүнүн социалдык – экономиканы көтүрүү үчүн түзүлгөн иш- планды өз мөөнөтүндө аткарууга жана анын аткарылышын көзөмөлдөө Ийри-Суу айыл кенешине тапшырылсын.
Жыйындын төрагасы: | А. Дүйшеев |
Жыйындын катчысы: | Г. Абдыразакова |