Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 4
“Ийри-Суу айыл Өкмөтүнүн 2014- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015- жылга жергиликтүү боюджетти бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кенешинин (V- чакырылышынын ) кезектеги ХVII - сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2014- жылдагы бюджетинин аткарыл жана 2015- жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселе айылдык кенешинин бюджет , финансы салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында каралып алардын сунуштарынын негизинде Ийри-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014- жылы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн 8132,3 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 8951,2 аткарылгандыгы белгиленсин .
2.2015- жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 8603,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин .
3.Айыл өкмөтүнүн 2016-2017 жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизинде принциптери жөнүндө мыйзамынын 21- беренесине ылайык өкмөтүнүн резервдик фонду 75 000 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5.Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер ( эмгек акы, социалдык фондко чегерүү тамак аш, дары- дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр каржылануусу белгиленет.
6.Айланма кассалык калдык ( Оборотный кассовый наличност) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2016- жылдын январына карата 10, мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
7.Айыл өкмөтүнүн 2014- жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2015- жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы , салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Курманбеков |