Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 5
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан жарандардын турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (V- шайланган) кезектеги ХVII - сессиясынын күн тартибиндеги Жийде айылынын тургуну Ысакбаев Абдималиктин, Кыргызстан айылынын тургундары Токтогулов Кыпчактын, Осмонова Нургулдун жашап жаткан турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүү боюнча маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы калктуу пункутта жашап жаткан Жийде айылынын тургуну Ысакбаев Абдималиктин Кыргызстан айылынын тургундары Токтогулов Кыпчактын, Осмонова Нургулдун жашап жаткан турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н. Беркмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |