Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 12
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Корс- Этти айылндагы бузулуп кеткен маданият үйүнүн жер аянтынан жалпы коомдук пайдаланууга жана китепкана салуу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( V- шайланган ) кезектеги ХVII- сессиясынын күн тартибиндеги Корс- Этти айылындагы бузулуп кеткен клубтун жер аянтынан жалпы коомдук пайдаланууга китепкана салуу үчүн 0,04 сотых жер участогун бөлүп берүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдик жыйындын протоколунун негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Корс-Этти айылындагы бузулуп кеткен маданият үйүнүн жер аянтынан жалпы коомдук пайдаланууга жана китепкана салуу үчүн жалпы аянты 0,04 с. жер участогу бөлүнгүп берилсин.
2.Суралсын Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан ( А. Сатыбалдиев ) курулуш ишине тиешелүү документтерди даярдоо жана Өзгөн райондук “ Мамкаттоо” башкармасынан жер участогун каттоого алып ( Ж. Ибраимов) тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык Кенешинин бюджет комиссиясынын төрагасы Б. Мусаевке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |