Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 16
Жийде айылындагы № 10 К. Ботояров атындагы орто мектебинин территориясына кичи футболдук аянтча куруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кенешинин депутатарынын Жийде айылындагы № 10 К. Ботояров атындагы орто мектебинин территориясына кичи футболдук аянтча куруу жөнүндөгү айыл тургундарынын 2015- жылдын 26- февралындагы жалпы элдик чогулушунун протоколун жана дем берүү ( үлүштүк) гранттын жобосунун негизинде Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жийде айылнын дем берүүчү грант аркылуу № 10 К. Ботояров атындагы орто мектебинин территориясына кичи футболдук аянтча куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 268390 (Эки жүз алтымыш сегиз мин үч жүз токсон ) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |