Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 17
Жийде айылындагы № 10 К. Ботояров атындагы орто мектебинин территориясынан кичи футболдук аянтча куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( V- шайланган ) кезектеги ХVII- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жийде айылындагы № 10 К. Ботояров атындагы орто мектебинин территориясынан кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жийде айылындагы № 10 К. Ботояров атындагы орто мектебинин территориясынан кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 0,12 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | С. Курманбеков |