Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-апрели № 19
Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кенешинин (V- шайланган) кезексиз ХVIII - сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2015- жылдын 20- апрелине чейин жакынкы жайытка, 20- майга чейин ортонку жайытка 20- майдан кийин жогорку жайыттарда жатакташсын.
2. 20- апрель айынан аба ырайынын өзгөрүүсүнө карап 1- майга чейин мал бакмачылар жайлоого көчүп кетишсин.
3. Мал бакмачылар 20- сентябрь айынын кийин жайлоодон көчүп келишсин.
4. Элдик жыйындын чечиминин негизинде тартип бузууларга жол берген жарандарга чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотуна жүктөлсүн.
Төрага | С. Курманбеков |