Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-апрели № 20
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат аксын белгилөө жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарынын ар бир башына чегерилүүчү жайыт төлөмү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кенешинин (V- шайланган) кезексиз ХVIII - сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат аксын белгилөө жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарынын ар бир башына чегерилүүчү жайыт төлөмү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мал багуучулар бир баш кой- эчкиге 80 сомдон, бир баш кара малга 400 сомдон, бир баш жылкыга 500 сомдон кызмат акысы алынсын.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында бир баш кара малга 75 сом, бир баш жылкыга 75 сом , кой- эчкинин ар бир башына 15 сомдон жайыт төлөмү бекитилсин.
3. Башка жактан келген кара малга 150 сом , бир баш жылкыга 150 сом , кой – эчкинин ар бир башына 30 сомдон жайыт төлөмү бекитилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Нышанов Сайдиллага милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |