Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-июлу № 95
Сулукту шаарынын аймагындагы курулуш куруунун нормаларын жана архитектуралык талаптарын аткаруу боюнча шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2014-жылда жана 2015-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө
Сулукту шаарынын аймагындагы курулуш куруунун нормаларын жана архитектуралык талаптарын аткаруу боюнча шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2014-жылда жана 2015-жылдын 6 айында аткарган иштери жонундо шаардык архитектура башкармалыгынын, шаардык кенештин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын окмотуно караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Сулукту, Баткен шаарлары, Лейлек, Баткен райондору боюнча аймактык башкармалыгынын инспектору М.М.Маадалиевдин билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу”, “Шаар куруу жана архитектура” жонундогу мыйзамдарынын негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сулукту шаарынын аймагында курулуш куруунун нормалары жана архитектуралык талаптары учурдун талабына ылайык аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
2. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ш.Якубовго, Кыргыз Республикасынын Окмотуно караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Сулукту, Баткен шаарлары, Лейлек, Баткен райондору боюнча аймактык башкармалыгынын инспектору М.М.Маадалиевдин билдируусундо корсотулгон кемчиликтерди тез арада четтетип, ал боюнча шаардык кенештин кезектеги сессиясына маалымат беруу жагы милдеттендирилсин.
2. Сулукту шаарынын мэри А.Ибрагимовдон:
- Шаардын тургундарынын жашоо-турмуш чойросун жакшыртуу шаар куруу, архитектуралык жана курулуш нормаларына, эрежелерине ылайык айлана чойрону корктондуруу, жашылдандыруу жана турак жай фондунун абалын жакшыртуу боюнча иш чараларды тузуп анын аткарылышын камсыз кылуу;
- Шаардын курулуш куруунун башкы планынын толуктоолорун тийиштуу органдар менен иштеп чыгып шаардык кенешке сунуштоо талап кылынсын
4. Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жонундогу мыйзамынын ченеминде архитектура жана шаар куруу эрежелеринин сакталышына козомолду кучотуу жагы шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысына жана экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймактык башкармалыктын архитектура курулуш козомолдоо боюнча инспекторуна сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри А.Ибрагимовго, козомолдоо жагы шаардык кенештин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | К.Исмаилов |