Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 103
“Сулукту шаарынын муниципалдык менчик болуму жөнүндө” Жобо
Сунушталган “Сулукту шаарынын муниципалдык менчик болуму жөнүндө” Жобонун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Сулукту шаарынын муниципалдык менчик болуму жөнүндө” Жобо толуктоолор жана озгортуулор менен кабыл алынсын (Жобо тиркелет).
2.Сулукту шаардык Кенешинин 2004-жылдын 19-февралындагы № 175 токтому күчүн жоготту деп саналсын.
3.Бул токтомдун Баткен областык Адилет башкармалыгынан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага тапшырылсын
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга көзөмөлдоо жагы Сулукту шаардык Кеңешинин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Исмаилов |
| Сулукту шаардык кеңешинин 27 октябрь 2015-жылкы №103 токтомуна тиркеме |
I. Жалпы жоболор
II. ММБнун негизги милдеттери
III. ММБнун функциялары
IV. ММБнун ишин башкаруу жана уюштуруу
V. ММБнун ишмердүүлүгүн каржылоо жана отчеттуулугу
VI. ММБнун материалдык сыйлоо фонду
VII. ММБун жоюу жана кайра түзүү
I. Жалпы жоболор
1.1.Сулукту шаарынын муниципалдык менчик болуму (мындан ары-ММБ), шаардын муниципалдык менчигин башкаруудагы стратегиялык мамилени иштеп чыгууда жана ушул менчикти каржылоого жана кармоого карата тиешелүү саясатты кабыл алууда, муниципалдык менчик боюнча маалымат базасын камтуу менен, сарамжалдуу пайдалануу үчүн зарыл маалыматтарды көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүүдө, Сулукту шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун колдогон мэриянын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
1.2.ММБ өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Болум уюштуруучулук-укуктук формадагы “Мекеме” болуп, юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча теңдеми жана банк мекемелеринде эсеби, бюджеттик эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби тартылган мамлекеттик жана расмий тилдеги өз аталышы менен тегерек мөөрү, ошондой эле штампы, бланктары жана башка кабыл алынган реквизиттери бар. Сотто доогер жана жоопкер боло алат.
1.3.Расмий аталышы
мамлекеттик тилде: “Сулукту шаардык муниципалдык менчик болуму”,
(ММБ);
расмий тилде: “Отдел муниципальной собственности города Сулюкта”,
(ОМС) .
1.4.ММБдун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен областы, Сулукту шаары, Раззаков көчөсү №1.
1.5.ММБ өз ишмердүүлүгүндө Сулукту шаардык кенешинин депутаттарынын сессияларында жана шаардык мэриянын алдында отчет берет. ММБдун ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү Сулукту шаардык мэриясы жүргүзөт.
1.6. ММБдун кызматкерлери муниципалдык кызматчылар болуп эсептелишет.
1.7.ММБ өз ыйгарым укуктарынын алкагында, Сулукту шаарынын муниципиалдык менчик мүлкунун кызыкчылыктарын коргойт.
1.8.ММБ өз ишмердүүлүгүн башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка мекемелер, бирикмелер, ишканалар, уюмдар жана жарандар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
II. ММБдун негизги милдеттери
2.1. ММБдун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу жана тейлөө;
-стратегиялык, ыкчам жана каржы пландарын, муниципалдык кыймылсыз мүлктү жана жер тилкелерин менчиктештирүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчик объектилерин башкарууга жеке секторду тартуу;
-Сулукту шаарынын турак жай фондун натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
-маалымат базасын, анын ичинде электрондук базаны, кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигин, укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү иштерди топтоп, такталган белгиленген чек аралар, техникалык документация менен архив ишин түзүүнү камсыздоо;
-Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарына ылайык, Сулукту шаардык кыймылсыз мүлк укуктарына Мамлекеттик каттоону камсыздоо; -Сулукту шаарынын муниципалдык менчик объектилерин талаптагыдай каттоону жана реестр жүргүзүүнү уюштуруу;
-Сулукту шаарынын муниципалдык объектилерин жана жер тилкелерин акы төлөтүү менен жана акысыз жеке менчик укугуна же ижарага берүү тартибин иштеп чыгуу;
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчигиндеги объектилерге талаптагыдай бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү камсыздоо;
-Сулукту шаардык муниципалдык менчигин башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө натыйжалуу келишимдерди жана каржылык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
-Сулукту шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларын, мыйзам менен белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана Сулукту шаардык Кеңешине же Сулукту шаардык мэриясына кабыл алуу (бекитүү) үчүн берүү;
-жеке менчик турак уй куруу учун жер тилкесин болуп беруу, жер участкаларын сатуу, ижарага беруу, аукцион, конкурстарды откоруу боюнча комиссиялардын чечимдерин тоскоолдуксуз аткарууга алуу:
-шаардын тиешелүү комиссиясынын кароосуна функционалдык мааниси боюнча кыймылсыз мүлккө сунуштарды жана мүлктүк аныктамаларды даярдоо;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Мыйзамынын жоболоруна ылайык, сатып алуулардын процедурасын уюштуруу жана өткөрүү;
-сатып алуулардын максималдуу натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыздоо;
- сатып алуулардын процедурасынын ачыктыгын камсыздоо;
- Сулукту шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу жана тескөө менен байланышкан башка милдеттер.
III. ММБдун функциялары
3.1.ММБ өзүнө жүктөлгөн милдеттер менен төмөнкү функцияларды аткарат:
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчигин сарамжалдуу пайдалануунун максаттуу жана комплекстик программаларын иштеп чыгат;
-Мамкаттоо жана архитектура органдары менен бирдикте, муниципалдык менчиктин жер тилкелерин жеке менчикке же ижарага берүү боюнча сунуштарын даярдайт;
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчик объектилеринин реестрин жүргүзөт;
-өз компетенциясындагы муниципалдык менчик боюнча талаш-тартыштарды чечет;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун же ижарага берүү боюнча аукционду же конкурсту өткөрүүгө документацияны түзөт;
- кыймылсыз мүлктү түз сатуу жолу менен укуктарды берүүгө баалоону, документацияны даярдоону жана топтоону жүргүзүү;
-Сулукту шаардык муниципалдык менчигин сатып алуу-сатууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө, акысыз өткөрүп берүүгө ж.б. келишимдерди түзүү;
-Сулукту шаардык муниципалдык менчигин ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугу бар мекемелер, ишканалар менен келишим түзүү;
- ээсиз калган кыймылсыз мүлктү Сулукту шаардык муниципалдык менчигине өткөрүп берүү боюнча зарыл документтерди топтоо жана иш-чараларды жүргүзүү;
-Сулукту шаардык турак жай комиссиясынын кароосуна зарыл документтерди даярдоо жана топтоо;
-турак жай шартын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин алуу жана каттоого коюу;
-мыйзам менен белгиленген тартипте,комиссиянын чечиминин негизинде, турак жай аянтына ордерлерди тариздөө жана берүү ;
-Сулукту шаарынын турак жай фондунун батирлерин менчиктештирүү боюнча иштерди комиссиянын чечими менен жүргүзүү;
-Сулукту шаарынын турак жай фондунун сакталышына жана максаттуу дайындалышына көзөмөл жүргүзүү;
-жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга жарандарды каттоо учун шаардык кенеш тарабынан журнал жүргүзүү;
-мыйзам менен белгиленген тартипте, ММБго түшкөн жарандардын кайрылууларын кароо;
- Сулукту шаардык муниципалдык менчик объектилерин жыл сайын мүлк каттоодон өткөрүү;
-муниципалдык менчик объектилерин убактылуу пайдаланууга берүүнүн каржылык көрсөткүчтөрүн талдоо, тарифтердин түзүлүшүн жана иш жүзүндөгү кирешелерди жана чыгашаларды камтуу менен, белгиленген тартипте тарифтерди жана кыймылсыз мүлктүн ижара наркын түзөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуулардын планын натуралдык жана жалпыланган түрдө берүү;
-ар бир өткөрүлгөн тендерге сатып алуулар ыкмасын тандоону ишке ашыруу;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен сатып алуулардын тандалган ыкмасын макулдашуу;
-сатып алуу процедурасын жүргүзүү боюнча тендердик документацияны жана башка документацияны иштеп чыгуу;
- жергиликтуу жана борбордук массалык маалымат каражаттарына алдыдагы соодалашуу жөнүндө жарыялоо;
-тендердик табыштамаларды берүү үчүн акыркы мөөнөттү белгилөө;
-сатып алуу процедурасынын катышуучулары менен кандайдыр бир маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-сатып алуу процедурасын өткөрүү боюнча анын ачылышына чейин, кеңешмелерди, тендердик комиссиянын мүчөлөрүн нускамадан өткөрүү;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуу процедурасынын протоколун берүү;
-сатып алуу процедурасына тиешелүү болгон тендердик документтерди чогултууну жана сактоону, жабдуучулардын (подрядчиктердин) табыштамаларын жана башка документацияны камсыздоо;
-муниципалдык менчикти бардык пайдалануучулары тарабынан, муниципалдык менчик объектилерин кармоо, колдонуу жана оңдоо боюнча келишимдик милдеттерди сактоосун талдоо жана көзөмөлдөө;
- муниципалдык менчикти башкаруу Концепциясынын, токтомдордун, жоболордун жана буйруктардын долбоорлорун, Сулукту шаардык муниципалдык менчигиндеги бош (эч нерсе курула элек) жер тилкелерин башкаруунун стратегиялык планын, Сулукту шаардык муниципалдык менчигиндеги объектилерди менчиктештирүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүүгө Сулукту шаардык кеңешине жана Сулукту шаардык мэриясына берүү.
- шаардагы муниципиалдык жерлерге объект курууда шаар куруу кенешинин чечимдерин талап кылуу.
IV. ММБдун ишин башкаруу жана уюштуруу
4.1.ММБду ММБдун башчысы жетектейт, ал Сулукту шаардык Кенешинин депутаттарынын макулдугу менен Сулукту шаарынын мэри тарабынан кызматка бекитилет жана кызматтан бошотулат.
ММБдун башчысы:
- ММБдун ишин уюштурат, жеке башчылык принциптеринде аракет кылат, өз компетенциясынын чегинде, ММБдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык маселелерди өз алдынча чечет, ММБго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жоопкерчиликти тартат;
-келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, ММБдун бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон, ММБдун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат, акча каражаттарын тейлейт, ММБдун мүлкүн башкарат;
-башка юридикалык жана жеке жактар менен болгон өз ара мамилелерде ММБдун атынан чыгат;
-кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча ишти уюштурат, ММБдо иштоочу кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматка дайындайт жана бошотот;
-кызматтык нускамаларды бекитет жана ММБдун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт;
-ММБун штаттык бирдиги жана тузуму депутаттардын шаардык кенешинин сессияларында каралып, бекитилет.
-ММБун жумушчу кун тартиби Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын негизинде аныкталат;
-ММБнун кызматчыларынын эмгек акысынын олчомдору Кыргыз Республикасынын Окмотунун тийиштуу токтомдорунун ченеминде аныкталат;
-ММБун кызматчыларын сыйлоо эмгекке катышуунун коэффицентине ылайык ММБун башчысы тарабынан жургузулот:
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, өзүнө баш ийген кызматчыларына карата тартиптик жазалоо чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
-тийиштуу мыйзамдарга ылайык, ММБдо муниципалдык кызматты өтөө менен байланышкан маселелерди чечуу, анын ичинде кадрдык резервди түзүү, ММБдун кызматчыларын тандоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, белгиленген учурларда аттестацияларды, квалификациялык экзамендерди өткөрүү, класстык чендерди ыйгаруу, кызматтык эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү белгилөө;
-белгиленген тартипте ММБдун кызматчыларын иш сапарга жөнөтүү маселелерин чечет;
-мыйзамга ылайык, ММБго бекитилген мүлктү жана каражаттарды тескейт;
-каржы документтерине кол коет, каржылык жана эсептик тартипти сактоону камсыздайт;
- ММБдун кызыкчылыктарын соттордо көрсөтөт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жактарга, берилген бардык укуктар менен пайдаланат, анын ичинде ишеним кат боюнча тынчтык макулдашууларды түзөт;
V. ММБдун ишмердүүлүгүн каржылоо жана отчет берүү.
5.1.ММБдун ишмердүүлүгү, жергиликтүү бюджеттен жана Сулукту шаардык муниципалдык менчигин башкаруудан жана тескөөдөн алынган башка кирешелерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан каржыланат;
5.2.ММБум белгиленген тартипте, жергиликтүү бюджетке кошуу үчүн өзүнүн чыгашалар сметасын түзөт жана Сулукту шаардык мэриясына берет. ММБдун чыгашалары, ушул Жободо каралган ММБдун милдеттерине ылайык пландаштырылат.
5.3.ММБум, квартал сайын Сулукту шаардык кенешке, шаардык мэрияга жана финансы бөлүмүнө, бухгалтердик теңдемди, ал эми жарым жылда жана жылдын жыйынтыгы боюнча- жыйынтыктоочу бухгалтердик теңдемди жана Сулукту шаардык муниципалдык менчигин башкаруунун жана тейлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту берет.
5.4.ММБу Сулукту шаардык муниципалдык менчигин башкаруунун жана тейлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчетту Сулукту шаардык Кеңешине берет.
VI. ММБду жоюу жана кайра түзүү
6,1. Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын негизинде ММБду кайра түзүү жана жоюу шаардык мэриянын сунушу менен шаардык кенештин сессиясында аныкталат.
Төрага | М.Джураева |