Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 105
Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды берүү боюнча комиссиясынын иштөө тартибинин эрежелери жөнүндө
Сулукту шаардык муниципалдык менчик болуму корсоткон “Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясынын иштоо тартибинин эрежелерин карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011ж. №571 «Муниципалдык менчигинде жайгашкан жер тилкелерди ижарага же кайтарымсыз менчике берүү укуктарынын шарттары жана тартиби жөнүндө Калыптык Жобону бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясынын иштоо тартибинин эрежелери бекитилсин (иштоо тартибинин эрежелери тиркелет).
2.Бул токтомдун Баткен областык Адилет башкармалыгынан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышынкамсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы Сулукту шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |
| Сулукту шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 27-октябрындагы № 105 токтому менен бекитилген |
1.Жалпы жоболор
1.1. Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясы (мындан ары комисссия) өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын окмотунун 23.09.2011ж. №571 «Муниципалдык менчигинде жайгашкан жер тилкелерди ижарага же кайтарымсыз менчике беруу укуктарынын шарттары жана тартиби жонундо Калыптык Жобону бекитуу жонундо» токтомун, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын, башка укуктук ченемдик актыларынын, Сулукту шаардык Кеңеши тарабынан бекитилген ушул эреженин талаптарын жетекчиликке алып жүргүзөт.
2. Комиссияны түзүү тартиби
2.1.Сулукту шаардык мэринин сунушу боюнча комиссиянын курамы Сулукту шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет.
2.2.Комиссиянын төрагасы болуп биринчи вице-мэр саналат.
2.3.Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Сулукту шаардык Кенешинин торагасынын коомдук башталыштагы орун басары саналат.
2.4. Комиссиянын курамына төмөнкү органдардын жетекчилери кирет:
-Мамлекеттик курулуштун шаардык архитектура органы;
-Мамлекеттик каттоонун Сулукту-Лейлек башкармалыгынын Сулукту шаардык болуму;
-Сулукту шаардык мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу бөлүмү;
-Сулукту шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик болуму;
-Санитардык эпидемиологиялык кызматы.
2.5.Шаардык Кеңештин чечими менен комиссиянын курамына шаардык Кенештин депутаты киргизилет.
Ошондой эле, комиссиянын курамына коомдук уюмдардан, ишкерлерден жана өнөр жайдын өкүлдөрүнон киргизииши мумкун. Бул топтун өкүлдөрүнүн ичине - Мамкурулуштун жергиликтүү архитектурасынын сунушу боюнча - 1 киши, шаардык Кеңештин сунушу боюнча - 2 киши кирет.
2.6.Комиссиянын чечими, комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес - кворум бар болсо, жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болсо, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын катчысы Муниципалдык менчик болумунун кызматчысы болот жана ал анын курамына кирбейт.
3. Комиссиянын функциялары
3.1. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
-Сулукту шаардык Муниципалдык менчик болумунун, Мамкурулуштун шаардык архитектура болуму, Мамкаттоонун Сулукт-Лейлек башкармалыгынын Сулукту шаардык болуму тарабынан дайындалган материалдардын жана документтердин негизинде жер тилкелерине укук берүү боюнча Сулукту шаардык мэриясы үчүн сунуштарды даярдайт;
-жер тилкелерине укуктардын түрлөрүн (менчик, ижара), аларды берүү жолун (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт;
-лоттун баштапкы баасынын өлчөмүн же соодалашуу жөнүндө түз суйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жер тилкелеринин башкы баасын коет;
-соода жүргүзүүнүн уюштуруучусу болот, соодалашуунун жыйынтыгын белгиленген тартипте бекитет;
-белгиленген учурларда жана тартипте, ушул берененин 3-п. аныкталган, Коомдук угууларды өткөрөт;
- Коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча Сулукту шаардык мэриясы жана шаардык Кеңеши үчүн сунуштарды, анын ичинде, атайын макулдашууларды жана ушул Эрежелерден четке чыгууга уруксат берүү жөнүндө сунуштамаларды, курулуш жана жерди пайдалануу маселесине тийиштүү, Сулукту шаардык мэриясынын чечими боюнча юридикалык жана жеке жактардын аппеляциясы менен байланышкан сотко чейинки талаштарды жөнгө салуу боюнча сунуштарды даярдайт;
-Эрежелерге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө сунуштарды, ошондой эле жергиликтүү укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун, ушул эрежелерди колдонуу жана ишке ашуусу менен байланышкан башка документтерди даярдоону уюштурат.
3.2.Сулукту шаардык мэриясы жана шаардык Кеңеши комиссиянын сунушу боюнча тиешелүү токтомдорду, буюрмаларды жана башка жергиликтүү ченемдик актыларды кабыл алат.
4.Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
4.1.Сулукту шаардык Муниципалдык менчик болуму тарабынан, комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу камсыздалынат.
Ушул максатта комиссиянын катчысы, ММБнын кызматкери, төмөнкү фунцияларды ишке ашырат:
-комиссиянын кароосуна кабыл алынган документтерди (арыздарды, корутундуларды, баалоо отчетторун жана башкаларды) каттайт, документтердин белгиленген талапка ылайыктыгын текшерет.
-комиссиянын отурумуна тиешелүү документтерди алдын ала иликтейт жана даярдайт;
-комиссиянын отурумунун күн тартибин макулдашат жана тариздейт, комиссиянын мүчөлөрүнө, кызыкдар юридикалык жана жеке жактарга кабарлайт;
-комиссиянын отурумунун протоколун түзөт, белгиленген тартипте тариздейт;
-билдирүүлөрдүн тексттерин, соода жүргүзүү жөнүндө кабарларды, коомдук угууларды даярдайт, комиссиянын төрагасы менен макулдашат.
-жалпыга маалымат каражаттарына билдирүүлөрдү, кабарларды берет;
-соодалашуунун аукциондук (конкурстук) документтерин даярдайт жана комиссиянын мүчөлөрүн жана катышуучуларды алар менен камсыздайт, тиешелүү акыларды жана төлөмдөрдү текшерет;
-соодалашуулардын протоколдорун жүргүзөт, документтерди тариздейт, отурумда катышкан комиссиянын мүчөлөрүн жана соодалашуулардын катышуучуларын протоколго кол койдурат;
-жер тилкелерин сатуу-сатып алуу, ижара келишимдери боюнча Сулукту шаардык мэриясынын токтомдорунун долбоорлорун даярдайт.
4.2.Комиссия оз отурумдарында чечимдерди кабыл ала алат. Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча отурумдарга кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү жана жеке жактар чакырылат.
4.3.Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурумдар аркылуу жүргүзөт. Отурумдардын жыйынтыктары протокол түрүндө, комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгалары менен даярдалат.
4.4.Отурумдардын маалы комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
4.5.Комиссиянын отурумун төрага жүргүзөт, ал жок болгон учурларда,
төраганын орун басары жүргүзөт.
4.6.Эгерде отурумда анын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү болсо, комиссия чечим кабыл ала алат.
4.7.Комиссиянын чечими ачык добуш берүү жолу менен добуштун көпчүлүгү боюнча кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болсо, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
4.8.Эгерде каралуучу маселе боюнча комиссиянын мүчөсүнүн түз финансылык кызыкчылыгы бар болсо, же арыз ээси менен тууганчылык мамилеси болгон учурларда, комиссиянын чечими менен комиссиянын ал мүчөсү добуш берүүдөн бошотулат.
4.9.Комиссиянын ишмердүүлүгү менен байланышкан комиссиянын отурумдарынын протоколдору жана башка материалдары Сулукту шаардык Муниципалдык менчик болумунун архивинде сакталат.
5.Отурумдарды жүргүзүүнүн тартиби
5.1.Комиссиянын отурумдарына милдеттүү түрдө комиссиянын бардык мүчөлөрү чакырылат.
5.2.Отурумдун башталышында комиссиянын төрагасынын алдын ала макулдугунун негизинде комиссия өз ишинин регламентин түзөт.
Төрага | М.Джураева |