Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 106
Сулукту шаардык мэриянын алдындагы курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Сулукту шаардык мэриянын алдындагы курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиянын курамын кайрадан бекитуу жонундо шаардык кенештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча жана муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобонун талаптарын жетекчиликке алып, депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин 2015-жыл 6-июль №96 токтомунун негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаардык мэриянын алдындагы курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясы томонку курамда бекитилсин
1. Исабаев Н.А. - шаардык кенештин торагасынын орун басары –
2. Садыков К.Б. - «Шахтер жолу» гезитинин башкы редактору
3. Исраилов А.П.. - Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун башчысы
4. Чичерина Н.А. -шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик
болумунун башкы эсепчиси
5. Салямов К. - жеке ишкер
2. Комиссиянын торагасын жана катчысын шайлоонун уюштурулушун жана комиссиянын ишин мыйзам ченеминде жургузулушун камсыз кылуу жагы шаардын I-вице-мэри Б.Ташевге жуктолсун
3. Сулукту шаардык кенешинин 2013-жылдын 8-июлундагы VI сессиясынын отурумунун
№ 33 токтому жокко чыгарылсын.
4 .Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга козомолдоо жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссияга жуктолсун
Төрага | К. Исмаилов |