Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 107
Сулукту шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү комиссиясынын иштөө тартибинин эрежелери жөнүндө
“Сулукту шаардык мэриясынын алдында тузулгон жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү комиссиясынын иштоо тартибин карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылардын жана КРнын Окмотунун 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтомунун талаптарын жетекчилике алып, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарынын негизинде Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сулукту шаардык мэриясынын алдында тузулгон жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү комиссиясынын иштоо тартибинин эрежеси бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтомдун Баткен областык Адилет башкармалыгынан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сулукту шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |
| Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин 2015-жылдын 27-октябрь №107 токтомунун тиркемеси |
1. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби (мындан ары - тартиби) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылардын жана КРнын Окмотунун 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтомдорунун талаптарына ылайык иштелип чыкты жана бош жерлер болгон шартта жер участокторун жеке менчик турак үй куруу үчүн акысыз берүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык, ал эми ал жок болсо – шаардын башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык берилет.
3. Жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу шаардык мэриянын алдында тузулгон комиссия тарабынан ишке ашырылат.
4. Комиссиянын курамын шаардык мэриянын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш бекитет.
комиссия томонкудой курамда түзүлөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү (шаардык мэрия) жана өкүлчүлүк органдарынын (шаардык кенеш) өкүлдөрү (комиссиялардын теңтөрагалары);
- архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлү.
Шаардык кенештин сунушу менен комиссиянын курамына коомчулуктун өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Комиссиянын компетенциясы:
5. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн жер участогун берүү ;
6. Берилуучү объект тийиштүү аймакта жайгашкан жана менчикке берууго мүмкүн болгон жер участоктору эсептелет.
7. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмүн шаардык кенеш аныктайт.
8. Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилуучү жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан бош болууга тийиш.
Жер участогун алуучуларга коюлуучу талаптар:
9. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу укугу төмөнкү жарандарга таандык:
- Шаардын аймагында 1 жылдан кем эмес жашагандар;
- Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жоктор;
- турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды эсепке албаганда, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жоктор;
- кийинки 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.у.с. бүтүмдөрүн түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү иштерин жасабагандар;
10. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуучулар комиссияга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- аныкталган формадагы арыз;
- ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);
- эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнча берилет);
- шаардык эмгек, миграция жана жаштар болумунун жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;
- турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
11. Жеке менчик турак үй курууга жер участогун алуу үчүн комиссияга документ тапшырган жарандар, ошондой эле документтерди берүүчү органдар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
12. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдетине төмөнкүлөр кирет:
- жер участогунун документте белгиленген чегараларга жана аянттарга туура келишин натурасында текшерүү;
- жеке менчик турак үй куруу үчүн берилуучү жер участокторунун чегараларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;
- сервитуттар же башка чектөөлөр бар же жок экенин текшерүү.
13. Архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдетине төмөнкүлөр кирет:
- комиссиянын заседаниелерин өткөрүү үчүн керектүү материалдарды жана документтерди даярдоо;
- бекитилген курулуш куруу документтерин, курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чегараларын аныктоо;
- санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарга бөлүп берүү белгиленип жаткан жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө суроо жиберүү;
- алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануунун мүмкүндүктөрү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду түзүү.
14. Жеке менчик турак үй куруу үчүн бөлүп берүү белгиленген ар бир жер участогу боюнча маалыматтык пакет түзүлөт, ага төмөнкүлөр кирет:
- жер участогу жайгашкан орун (дареги), кадастрлык номери (эгер болсо);
- жер участогунун планы анын чегараларын, сервитуттар колдонулуучу чегараларын чийүү менен;
- инженердик коммуникациялардын ар кыл түрлөрүнө кошуунун шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жалпыланган корутунду.
Комиссиянын милдетине томонкулор кирет:
15. Комиссия жарандардан жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө түшкөн өтүнүчтөрдү жана аларга кошулган документтерди аныкталган тартипте изилдейт жана жер участогун берүү же жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.
16. Комиссия убактылуу негизде, бирок айына 1 жолудан кем эмес иштейт. Комиссиянын утурумдук иштерин жеке менчик үй куруу үчүн жер участогун берүү компетенциясына кирген атайын укуктуу органдын тийиштүү кызматтагы адистери аткарышат.
17. Жарандарга жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктору тапшырган арыздарына ылайык кезегине жараша ирет менен берилет.
18. Комиссиянын чечими тийиштүү протокол менен таризделет, ал атайын укуктуу органдын жер участогун бөлүп берүү жөнүндө чечимин даярдоого жана жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актыны тариздөөгө негиз болот.
19. Комиссиянын чечими шаардык мэриянын алдындагы жеке менчик үй куруу үчүн жер участогун берүү компетенциясына кирген атайын укуктуу болумго аткарууга берилет.
20. Жеке менчик үй куруу үчүн жер участогун берүү компетенциясына кирген атайын укуктуу болум тийиштуу мыйзамдардын, укук ченемдик актылардын негизинде чечимде корсотулгон тапшырмаларды аткарат, чечимдердин аткарылышы боюнча квартал сайын шаардык кенешке маалымат берет жана жылына бир жолудан кем эмес сессияда каралат.
Эскертме: Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилген жер участогунун чегарасы (жеринде) аныкталганга жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ жана турак үйдүн макулдашылган долбоору берилгенге чейин өздөштүрүүнү баштоого тыюу салынат.
Төрага | К. Исмаилов |