Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 110
«Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
Сулукту шаардык муниципалдык менчик болуму корсоткон «Жеке турак жай куру үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезектүүлүк түзүү тартиби жөнүндө» Жобону карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомун, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчилике алып, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарынын негизинде Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Жеке турак жай куру үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезектүүлүк түзүү тартиби жөнүндө» Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2.Бул токтомдун Баткен областык Адилет башкармалыгынан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, көзөмөлдөө Сулукту шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |
Төрага | Сулукту шаардык Кеңешинин 2015-ж.27-октябрындагы №110 токтому менен бекитилген |
1.Жалпы жоболор
2. Сулукту шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алуу учун кезек тизмесин түзүү тартиби
1.Жалпы жоболор
1.1.Сулукту шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы “Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндөгү” №177 токтомуна ылайык иштелип чыкты.
Жобо Сулукту шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезегин түзүүгө, Сулукту шаарынын аймагында коюулуучу негизги талаптарды аныктайт.
1.2.Ушул Жобонун талаптары, Кыргыз Республикасынын аймактарында жеке турак үй курууга акысыз бир жолу жер тилкесин алуу укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарына гана жайылтылат жана Сулукту шаарынын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча кезектүүлүктү түзүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.3.Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алуу учун кезек журналына катталуу үчүн, талапкер адам (арыз берүүчү) Сулукту шаарынын мэриясынын карамагындагы Муниципалдык менчик болумунун (мындан ары-ММБ) төмөнкү документтерди берет:
-белгиленген формадагы арыз;
-өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтин копиясы (паспорт);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат базасын эсепке алуу менен, Сулукту – Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын менчик турак жайынын же жеке турак жай куруу үчүн мурда бөлүнгөн жер тилкесинин жоктугу жөнүндө маалым каты;
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо);
-эмгек ишмердүүлүгү бар болгон учурда, иштеген жеринен өтүнмө (арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча берилет);
-жумушсуз статусун тастыктоочу ыйгарым укуктуу органдын маалым каты;
-жашоо шарттарын иликтөө актысы (жеке же чогуу турак жайы бар болсо);
-үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу жашаган жеринен маалым кат.
1.4.Жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга документтерин берген Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле документ берген органдар, алардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликти тартышат.
2. Сулукту шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби
2.1. Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга арызды алууну жана аларды каттоону Сулукту шаардык мэриясы жүргүзөт.
2.2.Документтерди кароону Сулукту шаардык жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга кезек тизмесин түзүү Сулукту шаардык ММБу жүргүзөт.
2.3.Бирдиктүү тизме бир нускада түзүлөт, көктөлөт, номерленет жана ММБнын мөөрү менен бекитилип, вице-мэрдин визасы коюлат.
Бирдиктүү тизме ММБда, бир нуска журнал жана кароого мүмкүн болгон жерге жарнак катары илинет.
2.4.Жашаган жери өзгөрсө же жер тилкесин алууга кезектүүлүк журналына каттатууга мурда берилген документтердин мазмуну өзгөргөн учурда, арыз берүүчү жазуу түрүндө көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр тууралуу, жаңыртылган документтерди тиркөө менен ММБга билдирет.
2.5.Ушул Жобонун 1.3. пунктунун талаптарын бузууга жол берген жарандар, Жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга кезектүүлүк журналына катталышпайт.
2.6.Кезектүүлүк тизмесинин түзүлүшүн жана сакталышын көзөмөлдөөнү Сулукту шаардык Кеңеши жана Сулукту шаардык мэриясы жүргүзөт.
2.7. Жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык болбогон учурда, ММБ жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга арыз берүүчүнү кезекке коюуга баш тартуу жөнүндөгү чечимди кабыл алат. Арыз берүүчүгө баш тартуу жөнүндө жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүлөт. Жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга документтер арыз берүүчүгө кайтарылып берилбейт.
2.8. Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга кезектүүлүк журналдын ар бир барагы бош жерсиз жана аралыктар көбөйтүлбөстөн таризделет (толтурулат), көктөлөт, номерленет ММБнын мөөрү менен бекитилет. Кезек жургузуу тартибинин жургузулушуно архитектура жана курулуш комиссиясы тарабынан узгултуксуз козомол жургузулот.
Төрага | М.Джураева |