Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 115
Сулукту шаарынын Кошбулак поселкасынын Д.Жороев көчөсүнө турак жай куруу боюнча шаардын муниципиалдык бөлүмүнүн башчысы Ж. Араповдун 12.10.2015-ж №423 каты жөнүндө
Сулукту шаарынын Кошбулак поселкасынын Д.Жороев кочосуно турак жай куруу боюнча шаардын муниципиалдык болумунун башчысы Ж. Араповдун 12.10.2015-ж №423 каты жонундо муниципиалдык менчик,курулуш жана архитектура боюнча шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын жана шаардын башкы архитектору Ш.Якубовдун, шаардын I-вице мэри Б.Ташевдин билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 2-пунктунун негизинде Сулукту шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын Кошбулак поселкасынын Д.Жороев кочосуно турак жай куруу боюнча макулдук берилсин (жер тилкесинин планы жана шаардын башкы архитекторунун, кортундусу тиркелет).
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице мэри Б.Ташевге жана шаардын башкы архитектору Ш.Якубовго тапшырылсын
3. Бул токтомду козомолдоо жагы шаардык кенештин муниципиалдык менчик,курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | К. Исмаилов |