Загрузка документа…
КЕРЕГЕ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 1
«Хан-Теңгри» мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу үчүн алыскы Сырт зонасындагы жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. «Хан-Теңгри» мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу үчүн Сырт зонасындагы Сары-Жаз өрөөнүндөгү Кереге-Таш айыл аймагына тиешелүү Адыр-Төр жайлоосунан жалпы 9672,0 га жерди шарты татаал жайыт жерлерди өткөрүп берүүгө макулдук берилип анын ичинен бардык жайыт жерлер айыл аймагынын карамагында калтырылсын;
2. Өткөрүлүп бериле турган жерлер төмөнкү шарттар менен берилсин:
өткөрүлүп берилүүчү 9672,0 га жер тилкелеринин ичиндеги айыл чарба багытындагы жайыт жерлери «Хан-Теңгри» мамлекеттик жаратылыш паркынын чарбалык зонасында калтырылып, бул жерлерди пайдалануу укугу толугу менен Кереге-Таш айыл аймагына берилсин;
жайыт жерлер үчүн төлөмдөр айыл аймагынын жайыт комитетинин эсебине кириштелсин;
жайыт жерлер айыл аймагынын тургундарына гана берилсин;
келечекте өткөрүлүп берилген жер аянттарында баалуу кен байлыктар табылып калса, жерлер айыл аймагына кайтарылып берилсин;
эгерде коммерциялык багыттагы иштер жүргүзүлсө, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айыл аймагына тиешелүү финансылык чегерүүлөр жүргүзүлсүн;
жергиликтүү калкты иш орду менен камсыздоо.
3. Эгерде «Хан-Тенгри» Мамлекеттик жаратылыш паркы ишин токтоткон учурда жерлер айыл аймагына кайтарылып берилсин.
4. Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовго тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп берүүсү тапшырылсын.
Төрага | К. Муканбетов |
Жоопту катчы | Б. Рыскелдиев |