Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 2
Чангет айыл өкмөтүндөгү И.Жумабаев атындагы орто мектебинин кышка карата жылытуунун абалы жөнүндө
Чангет айыл өкмөтүндөгү И.Жумабаев атындагы орто мектебинин кышка карата жылытууга жергиликтүү бюджеттен көмөк көрсөтүү маселесин карап жана талкуулап Чангет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чангет айыл өкмөтүндөгү И.Жумабаев атындагы орто мектебинин кышка карата жылытууга 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен көмүр маселесин чечип берүү жагы Чангет айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кеңешинин бюджет,финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдираимов |