Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 4
Чангет айыл өкмөтүнөн Улуу-Ата мекендик согушка катышкан атуулдардын тизмесин тактоо жөнүндө
Чангет айыл өкмөтүнөн Улуу-Ата мекендик согушка катышкан атуулдардын тизмесин тактоо жөнүндө маселени карап жана талкуулап Чангет айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл өкмөтүнөн Улуу-Ата мекендик согушка катышкан атуулдардын тизмесин тактап 70 – жылдык маракесине даректүү иш-чараларды алып баруу жагы Чангет айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кеңешинин социалдык маселелер,билим берүү,саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Абдираимов |