Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 6
«Жаны-Жол айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Жаны-Жол айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2 .Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигинин www.gamsumo.cov.kg дарегиндеги расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүно милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаны-Жол айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Танкузиев Союзбеке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Кудакеев |