Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-февралы № 22/1
Өзгөн шаарындагы жаңы конуштардагы айрым аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (TV чакырылышынын) кезектеги ХХП сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаарындагы жаңы конуштардагы айрым аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндөгү» Өзгөн шаардык Кеңешинин (TV чакырылышынын) «Мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Бахмал» жаңы конушундагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Батыры Сулги Лутфулиндин ысымы;
- Өзгөн шаарынын «Жүзүмзар» кварталдык комитетинин аймагындагы жаңы конуштардагы аты жок көчөлөргө: Ата Мекендик Согуштун катышуучулары: Саидов Мухтаржандын, Умаров Алижандын, генерал Ибрагимов Нематжандын жана Абдукаримов Машрабжандын ысымдары;
-«Улугбек» кварталдык комитетинин аймагындагы Коперник көчөсүнүн аталышы Абдулатипов көчөсүнө чейинки 380 метр узундуктагы аралыгы Калчаев Токтоназардын ысымын ыйгаруу менен өзгөртүлсүн;
«Үч-Дөбө» кварталдык комитетинин аймагындагы «Венера» көчөсүнүн аталышы Насиров Абдулхафиздин ысымын ыйгаруу менен өзгөртүлсүн.
2. Көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө, ысымдарды ыйгарууга байланышкан уюштуруу иштерин жүргүүзү жагы Өзгөн шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарьшышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) «Мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |