Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры № 27-7
Өзгөн шаарынын айрым жаңы көчөлөрүнө наам ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча материалдары шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, уюштуруучулук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар» боюнча туруктуу комиссиясынын протоколу менен таанышып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Жүзүмзар» кварталынын № 2 аты жок көчөгө Юлдашев Номанжандын ысымы ыйгарылсын;
2. Өзгөн шаарынын «Таштак» кварталынын №2 аты жок көчөгө Узаков Макайдин ысымы ыйгарылсын;
3. Өзгөн шаарынын «Таштак» кварталынын Истиклол көчөсунун наамы Абдулкасимов Маматкосимдин ысымына өзгөртүлсүн;
4. Өзгөн шаарынын «Таштак» кварталынын Узумзар көчөсүнүн наамы Тешебаев Гуламжандын ысымына өзгөртүлсүн;
5. Өзгөн шаардык архитектура башкармасына: аталган өзгөртүүлөр Юстиция министирлигинин Ош шаарындагы башкармасынан катоодон өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруучулук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар» боюнча туруктуу;комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Насиров |