Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 107
Мырза-Аке айылдык кеңешинин сессияларында ченемдик актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде каралуусу жана жүргүзүлүүсү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамын: аткаруу үчүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамына 2013-жылдын 22-февралында өзгөртүү киргизилип, 2013-жылдын 1 - мартынан баштап күчүнө киргендигине байланыштуу Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн:;аймагында жашаган калктын көпчүлүгү кыргыз тилин билгендиктен, айылдык Кеңештин сессияларында ченемдик актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде гана каралсын жана жургузулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кимманов |