Загрузка документа…
ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 5
Темир айыл аймагынын 2015-жылга жергиликтүү бюджети жана 2016-2017 жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жана темир айыл аймагынынын 2015-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып Темир айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Темир айыл аймагынын 2015-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 5415,1 (гранттык каражаттарды кошкондо) сом өлчөмүндө, өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
2. теӊдештирүүчү грант 2540,3 миӊ сом.
3. 2016-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 5387,8 (гранттык каражаттарды кошкондо ) сом, 2017-жылга карата 5483,7 (гранттык каражаттарды кошкондо) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткрылышы Темир айыл аймагынын башчысы Дулатов А.А. жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Абдыкадыро Ж.Ж.га милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет,финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Чыналиев К.Ж. |