Загрузка документа…
ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 9
Турак-жай коммуналдык чарбасынын 2014-жылда аткарган иштери боюнча отчетун угуу жана тарифтерин бекитүү жөнүндө
1. Турак-жай коммуналдык чарбасынын жетекчиси Т.Акшаковдун 2014-жылда аткарган иштери боюнча берген маалыматы канагаттандыраарлык деп табылсын.
2. Карьерден чыгарылып жаткан кум шагылдын баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- фирма тарабынан чыгарылып жаткан кум шагылдын баасы коммерциялык түрдө тоннасына 50 сом менен бекитилсин.
- айыл тургундарына коммерциялык түрдө кызмат кылган автоунаа ээлерине кум шагылдын баасы тоннасына 10 сом менен бекитилсин.
3. Чогултулган акча каражаты төлөм баракчасы (квитанция) менен алынсын.
4. Токтомдун туура жана так аткарылышы ЖКХнын төрагасы Т.Акшаковго тапшырылсын.
Төрага | К.Чыналиев |