Загрузка документа…
ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 11
Кичи ГЭС куруу үчүн ижарага жер тилкесин берүү жөнүндө
Эл депутаттарынын Темир айылдык Кеңешинин ХХVI –чакырылышынын XVIII-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкер Сатыбалдиев Зарылдын кичи ГЭС куруу максатында алып келип жаткан долбоорун карап чыгып, 08.04.2015-жылдагы комиссиянын корутундусунун негизинде Жалгыз-Карагай жайлоосунан Чоң-Ак-Суу суусуна кичи ГЭС (суу сактагыч) куруу үчүн 4,0 га түшүмдүүлүгү төмөн жайыт жери 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берүү үчүн депутаттар тарабынан уруксаат берилсин.
2. Токтомго ылайык жердин категориясын ГЭС куруу үчүн башка категорияга которуу жана мыйзамга ылайык көзөмөлгө алуу жагы Темир айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Дулатовго тапшырылсын.
Төрага | К.Ж.Чыналиев |