Загрузка документа…
ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 13
Таза суу маселеси жөнүндө
Эл депутаттарынын Темир айылдык Кеңешинин ХХVI –чакырылышынын XVIII-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 30-март 2015-жылдагы Темир айыл өкмөтүнүн жалпы элдик СХОДун чечиминин негизинде ичүүчү сууга болгон төлөмдөрдү убагында төлөбөгөн айыл тургундарына сугат суусун берүүдө чектөөлөр киргизилсин.
2. Айыл тургундарына ичүүчү суу үчүн 2015-жылдын 15-майына чейин атайын суу эсептегич (счетчик) койуу жагы милдеттендирилсин. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин атайын суу эсептегич койулбаса тиешелүү суу түтүктөрү кесилсин. Жарандар тарабынан уруксааты жок ар кандай иш аракеттер жүргүзүлсө (авариялык абалга келтирилген учурда) 5000 сом (беш мин сом) айып пул салынсын.
3. Чечимдин аткарылышы АВПнын (СПА) жетекчиси Мусаев Канатка, СООППВнын жетекчилери С.Жумаевге жана Д.Ымановго тапшырылсын.
Төрага | К.Чыналиев |