Загрузка документа…
ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 16
Чолпон-Ата шаардык аскер комиссариатынын резервдик ротасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Эл депутаттарынын Темир айылдык Кеңешинин ХХVI –чакырылышынын XIX-кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаардык аскер комиссариатынын резервдик ротасына 7 (комплект) аскердик кийим-кечеси менен камсыздоо максатында Темир айыл өкмөтү тарабынан 43582 (кырк үч мин беш жүз сексен эки сом) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүм башчысы Ж.Абдыкадыровго жүктөлсүн.
Төрага | К.Чыналиев |