Редакцияот 12.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орловка шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы XXV сессиясы

 

2014-жылдын 12-декабры № 128/25-26

Айыл-чарбалык эмес багыттагы жерлердин ижара тѳлѳмγнγн ѳлчѳмγн бекитγγ жѳнγндѳ

Орловка шаарынын мэриясынын жерге жайгаштыруу жетектѳѳчγ адиси Т.Н.Темиркановтын айыл-чарбалык эмес багыттагы жерлердин ижара тѳлѳмγнγн ѳлчѳмγн бекитγγ жѳнγндѳ сунушун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 8 беринесинин 3 болугунун негизинде, Орловка шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл-чарбалык эмес багыттагы жерлердин ижара тѳлѳмγнγн ѳлчѳмγ, иш тγрγнѳ жараша жер салыгының акы ѳлчѳмγнѳн бирден экиге чейинки ченинен бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлдѳѳсγ Орловка шаарынын Кеңешинин туруктуу жер комиссиясынын тѳрагасы И.A. Борисовго жана Орловка шаарынын мэри Ж.Р. Дуйшебаевге жγктѳлсγн.

 

Төрага

Б.А. Чанчаров