Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-апрели № VIII-08
Жоопкерчилиги чектелген «Ноелия групп» коомуна алтынды кайрадан иштетүүчү завод куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Жоопкерчилиги чектелген «Ноелия групп» коомуна алтынды кайрадан иштетүүчү завод куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун айылдык Кенештин «Айылчарба, жер , суу, жайыт жана жаратылышты коргоо, боюнча» туруктуу комиссиясында каралаып, Эл арасындагы чогулуштарда элдин колдоосун жана сунуш пикирлерди эске алып, талкуудан кийин депутаттардын Көк-Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондунун «Балтабай» участкасынан 50 жылдык мөөнөткө ижарага берүү менен алтында кайрадлан иштетүүчү завод куруу үчүн 30 га жераянтын берүүгө макулдук беребиз.
2. Ушул аянтка ажыраткандан кийин руданы сактоо Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамына ылайык айлана чөйрөнү коргоо милдеттери менен жоопкерчилиги чектелген «Ноелия групп» коомуна берилсин.
3. Миграциялык мыйзамга ылайык айылдык округдун жумушчу күчү тартылсын.
4. Ушул чечимди Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан, Ош областык мамлекеттик админитсрациясынан, Кыргы Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен колдоп, көмөк көрсөтү жагы суралсын.
Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Ч. Тешебаев |