Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-июну № 7/4-3
Токмок шаарынын билим берүү бөлүмүнүн иши жөнүндө
Токмок ш. билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.М.Толобаевдин «2011-2012-ж.ж. окуу жылдарынын жыйынтыгы жөнүндө» жана Токмок ш. окуучуларынын жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө маалыматын карап жана талкуулап чыгып, социалдык маселе боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү" Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.М.Толобаевдин «2011-2012 ж.ж. окуу жылдарынын жыйынтыгы жөнүндө» жана Токмок ш. окуучуларынын жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө маалыматы кабыл алынсын.
2. Токмок ш. билим берүү бөлүмүнүн башчысы (Толобаев A.M.) тарабынан мугалимдердин курамында профессионалдык денгээлин жакшыртууга жана окуучулардын даярдыктарын көтөрүүгө чара көрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |