Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын VI сессиясы
2012-жылдын 9-ноябры № 17/6-3
9 айдагы Токмок ш. социалдык – экономикасынын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2013-жылга милдеттери жөнүндө
Токмок шаарынын мэри А.Н.Оморкановтун “2012-жылдын 9 айдагы Токмок шаарынын социалдык – экономикасынын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2013-жылга милдеттери жөнүндө” маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэри А.Н.Оморкановтун “2012-жылдын 9 айдагы Токмок шаарынын социалдык – экономикасынын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2013-жылга милдеттери жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Токмок шаарынын мэри тарабынан (Оморканов А.Н.), Токмок шаарынын социалдык – экономикасынын өнүгүүсүнүн 2012-жылга пландалган көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча чаралар көрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин профилдик туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Таманбаев |