Загрузка документа…
ЖАӉЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-декабры № 1/4
Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын типтүү регламентин бекитүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе - 1
1) Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын типтүү регламентин бекитүү.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын кѳпчүлүк добуш менен Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин типтүү регламенти бекитилсин;
Регламентке ылайык ар бир айдын биринчи жумасынын экинчи күнүндѳ кезектүү сессия белгиленсин;
Үч жолу себепсиз сессияга келбей калган депутаттардын мандатынан ажыратуу боюнча маселе коюлсун;
Алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу мекемесинин кызматкерлеринин, ҮДТ башчысынын, мектеп директорлорунун, айыл башчылардын, аксакалдар сотунун тѳрагасынын, жайыт комитетинин тѳрагасынын отчетун угуу жагы белгиленсин.
Жаӊы-Арык айылдык кеңешинин тѳрайымы |
Б. Жумаева |