Загрузка документа…
КУЙРУЧУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели № 5
Урматтуу депутаттар!
Куйручук айылдык Кенешинин бүгүнкү сессиясына 11 депутатттын 11 толугу менен катышып отурат. 26-чакырылган Эл депутаттарынын Куйручук айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы ачылсын деген сунуш киргиземин.
Добуш берип койсонуздар!
Макул -11, каршы жок, калыс – жок.
Анда бүгүнкү сессияны ачык деп жарыялайм.
Күн тартибинде каралуучу маселе: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамына ылайык Куйручук айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоо
Күн тартибиндеги маселе бекитилсин деген депутаттардын добуш берип коюусун өтүнөм.
Макул -11, каршы жок, калыс жок.
Күн тартибинде маселе бир добуштан бекитилди.
Шайлоо өткөрүү боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жана эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен таанышып койсонуздар.
1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жана эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен таанышып койсонуздар.
1. Жумгал аймактык шайлоо комисиясынын төрагасы - Ж.Нураков
2. Комиссиянын катчысы – Сулайманкулова Н.
3. Комиссиянын мүчөсү – Атамкулов С.
4. Комиссиянын мүчөсү – Токтоназаров Ж.
5. Комиссиянын мүчөсү – Молдокеев Ф.
6. Комиссиянын мүчөсү – Осмонов М.
7. Комиссиянын мүчөсү – Кенжеалиева А.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн ишин баштап 11 бюллетен депутаттарга көргөзүлүп таааныштырылып 11 бюллетень жарактуу деп эсептелинди.
Депутаттардын макулдугу менен алфабит боюнча добуш берүү башталды.
Добуш берүү бүттү.
Урна ачылды, 11 бюллетень саналып жарактуу болуп чыкты.
Эсептөө комиссиясы бирден тааныштырып, Куйручук айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызматына талапкер Сапаралиев Бактыбек Нурдиновичке 11 депутаттын 10(он) у макул , 1 (бирөө) каршы добуш берди.
Жумгал аймактык шайлоо жана эсептөө комиссияынын жыйынтыгын угуп, Эл депуттарынын Куйручук айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызматына депутаттардын көпчүлүк добушун аталгандыгына байланыштуу Сапаралиев Бактыбек Нурдинович шайлансын.
2. Жумгал аймактык шайлоо жана эсептөө комиссиясынын жыйынтык протоколу бекитилсин.
Төрага | З.Баисов |