Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 7
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» 26.01.2009 ж. № 30 мыйзамына ылайык, Куйручук айыл өкмөтүнүн «Жайыт комитетинин 2010-2011 жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга карата бюджетин бекитүүнү кароо жөнүндө
Куйручук айылдык Кеңешинин бюджет , салык финансы экономикалык саясат боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып жана Куйручук айыл Округунун “Жайыт комитетинин төрагасы Корголдоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Куйручук айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы А.Корголдоевдин жана мурдагы бухгалтери Э.Бейшеев ошондой эле азыркы бухгалтер Д.Масированын 2010-2011-жылдагы аткарылган иштеринде жетишпеген орчундуу маселелер көп болгондугуна байланыштуу канааттандырарлык эмес деп белгиленсин(тиркеме тиркелет).
2. Жайыт комитетинин 2012-жылга бюджети 221 400 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Жайыт комитетинин төрагасына 4000 сом өлчөмүндө эмгек акы бекитилип берилсин.
4. Жайыт комитетинин бухгалтери айына 3800 сом өлчөмүндө айлык акы бекитилип берилсин.
5. 2012-жылга жайыт акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жылкыга – 75,03 сом.
Кой, эчки – 15,01 сом.
Уйга – 75,03 сом.
6. Жайытты убактылуу пайдаланууда жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн.
7. Бул токтомду өзгөчө көзөмөлдөө жагы Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сапаралиевге жана жайыт комитетинин төрагасы А.Корголдоевге тапшырылсын.
Төрага | З. Баисов |