Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № 18/14
2011-жылга суу пайдалануучулар үчүн тарифтин өлчөмүн жана ИСКАКБ нын бюджетин бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык округунун айылдык кеңешинин 4- чакырылышынын 18-заседаниесини «Гульша суу» ИСКАКБнын төрагасы М.Турганбаевдин билдирүүсүн угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы суу пайдалануучулар үчүн 2011-жылга карата тарифтин өлчөмү,көчөдөгү кудуктан таза суу ичкендер үчүн 12 (он эки) сом,короодогу кудуктан суу ичкендер үчүн 20(жыйырма) сом болуп бекитилсин.
2. айыл өкмөтүнүн аймагында мекеме-ишканалар,коммерциялык ишканалар түзүлгөн келишимге ылайык же болбосо суу өлчөгүч прибор аркылуу өткөн суунун анык көлөмүнө ылайык төлөшсүн.
3. «Гульша суу»ИСКАКБснын 2011-жылга бюджети бекитилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышнын көзөмөлдөө ИСКАКБнын текшерүү комиссиясына жүктөлсүн.
Гүлчө айыл округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
Акманов Т. |