Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № 18/15
“Алай райондук мамлекеттик Архивинин 09.03.2011-жылдагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги Бизнес инкубатордун имаратын пайдаланууга берүү боюнча №49”- каты жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңеши Алай райондук мамлекеттик Архивинин имарат берүү жөнүндөгү 2011-жылдын 09.03 №49 каттын карап жана К.Р.нын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамдын 11-статьясынын 3 подпункутуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл округунун мүлккө муниципалдык менчик обьектеринин реестринде турган Гүлчө айылындагы Бизнес инкубатордун имараты райондун элинин кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамынын 11-статьясынын 3 подпункутуннегизинде Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансасында турган Бизнес инкубаттордун имаараты айыл өкмөтүнүн балансасында кармалып Алай райондук мамлекеттик архивине убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Кыргыз Республикасынын мүлккө мунципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамдын 20-статьясынын негизинде Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы жолдош С.Абдиев жана айыл өкмөтүнүн материалдык эсепчиси жолдош О.Исаевага тапшырылсын.
Гүлчө айыл округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
Акманов Т. |