Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № 18/16
2010-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштандылар үчүн алынуучу жыйымдын тарифин бекитүү жана Гүлчө айылындагы жеке үйлөрдүн жана юридикалык жактардан таштандыларды чыгарууда кызмат көрсөтүү акысын белгилөө жөнүндө
Гүлчө айылдык округунун айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 18-заседаниеси айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн башчысы Т.Маматисаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштандылар үчүн алынуучу жыйымдын тарифи ар бир жанга 30 (отуз) сом болуп бекитилсин.
2. Гүлчө айылындагы жеке үйлөрдүн жана үйлөрдүн жана юридикалык жактардан таштандыларды чыгарууда автотранспорттун бир каттамынын кызмат көрсөтүү акысы 600 (алты жүз) сомго белгиленсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы эсептелген таштандылар үчүн алынуучу жыйымдын тарифи Гүлчө айылдык округуна караштуу Гүлчө айылынын жашоочуларынан гана алынсын.
4. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы эсептелген таштандылар үчүн алынуучу жыйымдан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана 1 группадагы майыптар бошотулсун
5. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштоандылар үчүн алынуучу жыйымдан Афган согушуна жана Чернобль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкандар жыйымга белгиленген тарифтин 50 ын төлөсүн.
6. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
Гүлчө айыл округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
Акманов Т. |