Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-марты № 1/5
Жаңы-Арык айылынын тургуну Э.Тагаевге «Шорго» участкасындагы Чон-Саздан балык чарбасын өстүрүүгө жана инкубациялык цехти курууга 0,5 га жер аянтын 2(эки) жылга арендага берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелер боюнча Жаңы-Арык айылынын тургуну Э.Тагаевдин кайрылуусун карап жана Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын I-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл аймагынын чегиндеги «Шорго» участкасынан, Жаңы-Арык айылынын тургуну Э.Тагаевге балык чарбасын өстүрүүгө жана инкубациялык цехти курууга 0,5 га жер аянты 2(эки) жылга арендалык келишимдин негизинде берилсин;
2. Бул участкасынын чегин аныктап, жеринен ченеп болуп берүү жагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Көктаевге милдеттендирилсин;
3. Аренда акысын аныктоо айыл өкмөтү менен биргеликте аныкталсын жана арендалык келишим түзүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин төрайымы |
Б. Жумаева |