Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-марты № 1/7
Жаңы-Арык айыл өкмөтү тарабынан айыл тургундарына берилүүчү справкалар, иш кагаздар ж.б. документтерди (буйрук, чечим, аныктама-справкалар ж.б.) акысыз берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы К.Кадиевдин билдирүүсүн жана Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын I-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарына берилүүчү справкалар, иш кагаздар ж.б. документтер (буйрук, чечим, аныктама-справкалар, маалым каттар ж.б.) Жаңы-Арык айыл өкмөтү тарабынан акысыз берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин төрайымы |
Б. Жумаева |