Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-апрели № 2/2
Жаңы-Арык айылында айдап-себүү, мал багуунун акысы, корук, айыл-чарба техникаларынын эмгек акыларынын тарифтерин жана коруктун чыгуу убактыларын, жайлоого көчүү, көчүп келүү убактысын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын жана Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы айдоо-себүү, сугат маселелери, мал багуу, корук уюштуруу, көчүү-конуу, мал багуу боюнча тарифтер, жайыт акынын тарифтери боюнча төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1.1. Айдоо-себүү боюнча:
-Жер айдоо - 1000 сом, 25-30 литр май
-Малалоо - 400 сом, 10 литр май
-Себүү - 500 сом, 10 литр май
-Шак тартуу - 100 сом, 5 литр май
-Мал багуу боюнча: Бодо малга - 250 сом
-Кой-эчки - 30 сом
Эскертүү: Ар бир мал ээси мал үчүн жайыт акысын оздору толошу керек.
1.3. Корук боюнча:
-Айдоо жана чөп аянттарына түшсө, анда айып пул төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Бодого - 200 сом
Кой-эчки - 30 сом
Эскертүү: Корук Кызыл-Эмгек айылы боюнча 15-апрелден, Базар-Турук айылы боюнча 20-апрелден, Кызарт, Жаңы-Арык айылдары боюнча 25-апрелден баштап уюштурулсун. Корукчулар мал камалгандыгы тууралу билдирүүнү айыл башчысына жана мал ээсине 6 сааттын ичинде билдиришсин. Эгерде малдын ээси малын албаса, малы өлүп калса корукчу жооп бербейт.
1.4. Сугат боюнча:
Сугат 1 га жер сугат Кызарт, Жаңы-Арык айылдарында жер сугат 5 саат, кара сугат 7 саат. Базар-Турук айылы боюнча жер сугат 5 саат, кара сугат 6 саат.
Кызыл-Эмгек айылы боюнча жер сугат 4 саат, кара сугат 6 саат.
Сугат акысы 1 га жерге 100 сом, огородго 80 сом бир сезон үчүн.
Эскертүү: огород сугат кечки саат 7-00, түнкү 01-00 чейин сугарып кайра кулагын байлап коюушу керек. Уруксатсыз огородго суу жыкса 5000 сом, талаадагы сууну жыкса 10000 сом айып пул белгиленсин;
1.5. Көчүү-конуу боюнча:
Ички жайыттарга көчүү Кызыл-Эмгек айылы боюнча 15-апрель, Базар-Турук, Кызарт, Жаңы-Арык айылдары боюнча 25-апрелге чейин.
Сырткы жайыттарга 15-июнга чейин көчүшсүн.
Эскертүү: Сырткы жайлоолордон эрте көчүп келген чабандарга жана көчүрүп келген техника ээлерине 5000 сом айып пул салынсын;
1.6. Жайыт акысы боюнча:
Бодого 60 сом бир сезон үчүн - төлүнө алынбайт
Кой-эчкиге 12 сом бир сезонго - төлүнө алынбайт
1.7. Малды эмдоо боюнча:
Айыл тургундары малдарын чабандарга кошуудан мурда, малдарын жугуштуу ооруларга карты эмдөөдөн милдеттүү түрдө откорушсун. Малын эмдетпеген адамдарга 5000 сом айып пул белгиленсин;
1.8. Чоп чабык боюнча:
Чоп чабык КПС - 1000 сом, 10 литр май Косилка - 800 сом, 10 литр май
Пресс-подборщик - 1 пресс 8 сомдон, 1 га жер аянтына 15 литр май
Эскертүү: Эгерде майы, жиби трактористин озунон болсо анда 1 пресс 15 сомдон
1.9. Дан жыйноо боюнча:
Комбайнчынын акысы 1 га жерге - 1000 сом, 25 литр май
Дан ташыган унаага 1 мешок дан, 5-10 литр май (аралыкка жараша)
1.10. Таштандылар боюнча: Таштандыларды атайын белгиленген жерден сырткары жерлерге токсо, токкон адамга 10000 сом айып пул белгиленсин;
2. Жаңы-Арык айылдык Кецешинин 2-апрель 2013-жылдагы №7/1 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин төрайымы |
Б. Жумаева |