Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-апрели № 3/1
Жаңы-Арык айыл аймагынын маданият үйүнүн имаратынын айланасын тосуу, терезе-каалгаларын алмаштыруу жана капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча туртку берүүчү грантка долбоор даярдоо жана өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе - 1
1) Жаңы-Арык айыл аймагындагы маданият үйүнүн имаратынын айланасын тосуу, терезе-каалгаларын алмаштыруу жана капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча туртку берүүчү грантка долбоорун өткөрүү.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевдин жана маданият үйүнүн башчысы С.Сманованын билдирүүлөрүн жана маалыматтарын угуп Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын I-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл аймагындагы маданият үйүнүн имаратын айланасын тосуу, терезе-каалгаларын алмаштыруу жана капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча туртку берүүчү грантка долбоору даярдалсын жана өткөрүлсүн;
2. Долбоордун иш кагаздарын даярдоо жагы маданият үйүнүн башчысы С.Смановага милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин тѳрайымы |
Б. Жумаева |