Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-апрели № 3/3
Жаңы-Арык айылынын маданиятын үйүнүн жаңына эли жери үчүн зор эмгек өтөгөн атуулдарыбыздын эстелик айкелин тургузуу боюнча Жобо иштеп чыгуу үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын I-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жыл «Мамлекеттүүлүктү бекемдоо жылына» жана Жумгал районунун түзүлгөнүннүн 80 жылдыгына карата Жаңы-Арык айылынын маданиятын кѳтѳрүү, корктондуруу максатында жана эли жери үчүн зор эмгек өтөгөн атуулдарыбыздын эстелик айкелин маданият үйүнүн жаңына тургузуу боюнча Жобо иштеп чыгуу үчүн төмөндөгүдөй курамдан турган комиссия түзүлсүн:
1) Кадыралиев Султанбек - айыл тургуну, комиссиянын төрагасы;
2) Медербеков Султан - айыл тургуну, комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) Мамыткожоев Марат - Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;
4) Сманова Света - Маданият үйүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү;
5) Баялиев Жоомарт - айыл тургуну, комиссиянын мүчөсү;
6) Кадыров Бактыбек- айыл тургуну, комиссиянын мүчөсү;
7) Баялиева Рита - Р.Солтонбеков атындагы орто мектептин директору, комиссиянын мүчөсү;
8) Сейитказиев Жаңыбек - айыл тургуну, комиссиянын мүчөсү;
9) Акматова Замира - А.Идинов атындагы орто мектептин мугалими, комиссиянын мүчөсү
2. Түзүлгөн комиссияга эли жери үчүн зор эмгек өтөгөн атуулдарды аныктоо жана алардын урпактары менен иш алып баруу, айкелдердин өлчөмүн аныктап, айкелдерди ирээттүү койдурууга чейинки иштерди жүргүзүү жагы тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин тѳрайымы |
Б. Жумаева |